Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:48

Бириккен Улуттар уюму Кыргызстанды өзбек качкындарын Өзбекстанга өткөрүп бербөөгө чакырды


БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Луиз Арбор Нью-Йорктогу пресс-конференцияда Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевге кат жазып, анын өкмөтү кыйноодон коргоо мыйзамы боюнча өзүнө милдеттенме алганын эске салганын мындайча билдирди:

– Сөз болуп жаткан качкын ким болсо да, кыйноого туш боло турган жерге кайтарылбашы керек. Бул абсолюттук милдет. Буга таптакыр тыю салынган. Ал адам ким экендиги айырмасы жок.

Жогорку комиссар Өзбекстанда өкмөттүк күчтөр ар дайым кыйноо ыкмаларын колдоноорун эске салып, Кыргызстанды Анжияндан качкандар кайтарылып берилсе, аларга кыйноо колдонулбайт деген өзбек өкмөтүнүн ырастоосуна ишенбөөгө чакырды.

Кечээ 400дөн ашшун өзбек качкыны Румынияга алынып кетти, бирок кыргыз өкмөтү дагы 15 кишини кармап турат жана Баш прокурор Азимбек Бекназаров алар кылмышкерлер болгондуктан, Ташкенге бериш керек деп айтууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG