Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:17

Өзбекстан Кошмо Штаттарынан алты айдын ичинде аскерлерин чыгарып кетүүнү талап кылды


«Вашингтон пост» гезитинин жазышынча, Карши-Канабад аба бекетин бошотуу талабы кечээ Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинен АКШнын Ташкендеги элчилигине жиберилген катта айтылган. Пентагондун маалымат катчысы Гленн Флад "дипломатиялык кат" менен таанышып жатышканын кабарлады.

Мамлекеттик Департаменттин өкүлдөрү менен байланышуу мүмкүн болбоду. «Вашингтон постко» ылайык, Өзбекстан Кошмо Штаттарына учактарын, аскерлерин жана жабдыктарын чыгарып кетүүгө 180 күн убакыт берди.

XS
SM
MD
LG