Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Кыргызстандагы швейцариялыктар да Швейцариянын улуттук майрамын белгилешет


БИШКЕК. 1-август – Швейцариянын улуттук майрамы. 1291-жылы бул күнү Швейцариянын биринчи кантону негизделип, Швейцария Конфедерациясы түзүлө баштаган. Бул майрам Швейцариянын эң маанилүү улуттук майрамы болуп саналат жана өтө шаңдуу белгиленет. Аны чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн швейцариялыктар да майрамдашат. Кыргызстанда бүгүнкү күндө 70тен ашуун швейцариялыктар бар. Алар негизинен Швейцариянын өкмөтү тарабынан каржыланган долбоорлордо иштешет. Швейцария Кыргызстанга акыркы 10 жылдан бери ар тараптуу жардамдарды көрсөтүүдө. Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык жөнүндөгү келишимге 1994-жылдын 14-ноябрында кол коюлган. Швейцариянын Кыргызстандагы долбоорлорунун башкы максаты - өлкөдөгү демократиялык реформаларга, базар экономикасына өтүү боюнча аракеттерге колдоо көрсөтүү, жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү. Учурда Кыргызстанда Швейцариянын өкмөтү каржылаган 15 долбоор, андан тышкары 14 регионалдык долбоор иштөөдө. Швейцариянын Кыргызстандагы долбоорлорунун жылдык бюджети 15 млн.го жакын АКШ долларын түзөт.

XS
SM
MD
LG