Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:21

Өзбекстандык качкындарга байланыштуу маселеде пикирлер ар кыл


БИШКЕК. Эгерде азыр Кыргызстандын аймагында турган өзбекстандык 15 бозгундун кылмыш жасагандыгы аныкталса, алар Өзбекстанга өткөрүлүп берилиши керек. Мындай пикирин 31-июлда «Акыйкат» партиясынын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев «Азаттыкка» билдирди. Анын пикиринде, Кыргызстан Өзбекстан менен болгон эки тараптуу келишимдерди да эске алууга тийиш. Ал эми өлкөдөгү бейөкмөт уюмдар менен укук коргоо уюмдары Бириккен Улуттар уюмунун Качкындар боюнча бакшармалыгы тарабынан качкын макамы берилген 11 озбек бозгуну үчүнчү өлкөгө өткөрүлүп берилишин өкмөттөн талап кылышууда. Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун да ушундай пикирде. Баш прокурор Азимбек Бекназаров болсо 15 качкынды кылмышкер деп эсептейт.

28инен 29-июлга караган түнү 439 өзбекстандык качкын Бишкектен Румынияга жеткирилди. Өзбек бозгундары 13-14-май күндөрү Анжиянда орун алган окуялардан кийин Кыргызстандын аймагына качып келишкен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG