Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

Аксы окуясында жабыр тарткандарга моралдык чыгым төлөнөт


БИШКЕК. 1-августта өлкөнүн каржы министрлиги Аксы окуясында жабыр таркандарга моралдык чыгымды төлөп берүү боюнча Жогорку соттун жана райондук соттун чечимдери качан аткарылаары тууралуу жообун айтат. Бул жөнүндө 31-июлда Аксы окуясында жабырлагандардын адвокаты Сартбай Жайчибеков «Азаттыкка» билдирди. 24-марттагы ыңклаптан кийин 11-апрелде Жогорку сот Аксы окуясында атып өлтүрүлгөн Кадыркул Сапаралиевдин жубайы Айбарча Сатыбековага, Сатымбай Үркүнбаевдин атасы Үркүнбаев Бейшебайга , Тагаев Советбектин атасы Асанбаев Камбаралыга 1 млн. сомдон моралдык чыгым төлөп берүү жөнүндөгү чечим чыгарган. 11-июлда болсо Жогорку сот Аксы окуясынын дагы бир курмандыгы болгон Эркинаалы Четимбаедин атасы Момбек Четимбаевге да 1 млн. сом өлчөмүндө моралдык чыгым төлөп берүү жөнүндөгү чечимин чыгарган.

Аксы окуясында жабыр тарткандардын ичинен 21инин арызы 12-14 июлда Аксы райондук сотунда каралып, Боспиекте ок атылып өлгөн Элдияр Уметалиевдин атасы Анарбай Уметалиевге 1 млн сом, калгандарына 50 миң сомдон 400 миң сомго чейин моралдык чыгым төлөп берүү жөнүндөгү чечим чыгарылды. Бул каражатты финансы министрлиги төлөп берүүгө милдеттүү.

XS
SM
MD
LG