Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:53

Жол тосуу уланууда


БИШКЕК. 31-июлда Кумтор кенине баруучу жолду Барскоон айылынынын тургундары тосууну улантышып, алардын саны 300 чакты болду. Бул тууралуу жекшембиде «Азаттыкка» Барскоондон «Атуулдар коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова жана «Карек» коомдук уюмунун жетекчиси Эркингүл Иманкожоева билдиришти. Барскоондуктар 1998-жылы цианиддин Барскоон суусуна төгүлгөндөн алынып келинген зыянды эл аралык талаптарга ылайык компенсациялап берүүнү жана «Центерра Голд компани» биргелешкен ишканасын түзүүнү жокко чыгарууну талап кылышууда.

Эркингүл Иманкожоеванын айтымында, эл алардын талаптары аткарылмайынча, нааразылык чараны токтотпойт:

- Биздин койгон талаптар өкмөт тарабынан аткарылмайынча, жол тосууну токтотпойбуз. Бул тууралуу мына бул жерде отургандардын баары айтып жатат.

Нааразылык акцияга чыккандар канадалык компанияга тиешелүү гана автоунааларды тосушууда.

XS
SM
MD
LG