Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Апсамат Масалиевдин жылдыгы белгиленди


БИШКЕК. 31-июлда Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин бири Апсамат Масалиевдин жылдыгы белгиленди. Бул күнү маркумдун Бешкүнгөйдөгү үйүндө балдары, туугандары, жакын санаалаштары чогулуп, эскеришти. Жаңыдан шайланган президент Курманбек Бакиевдин жардыгы менен Апсамат Масалиевге “Кыргыз Эл баатыры” наамы берилип, мамлекеттик ишмердин эстелиги борбор калаадагы “Эркиндик” гүлбагындагы көрүнүктүү саясий мамлекеттик ишмерлердин аллеясына тургузулмакчы.

Апсамат Масалиев былтыр ушул күнү 71 жашында көз жумган. Масалиев Кыргызстанды Совет доорунун соңку учурунда – 1985-1990-жылдары башкарган. Серепчилер белгилешкендей, ал Кыргызстандын соңку тарыхында жана замандаштарынын эсинде чынчыл, таза инсан, саясат менен ыймандыкты, акыйкаттыкты тең алып жүргөн, кандай кырдаал болбосун, дайыма элдин кызыкчылыгын жогору койгон саясий жана мамлекеттик ишмер катары калды.

XS
SM
MD
LG