Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:23

Ага ылайык №39 Куршаб шайлоо округундагы үч участокто өткөн добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча Адахан Мадумаров, ал эми №11 Курулуш шайлоо округундагы эки участоктогу шайлоодо Кабай Карабеков утуп чыкканын Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришүүдө.

31-июлдагы өткөн шайлоого байкоо салган "Адам укуктары жана демократия" борбору №39 Куршаб шайлоо округундагы добуш берүү маалында бир катар мыйзам бузуулар болгонун жарыялашкан. Ал жерде талапкерлердин жактоочулары ортосунда нааразылыктар болду.

Ал эми №11 Курулуш округунда шайлоо тынч өткөнү айтылууда.
XS
SM
MD
LG