Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:49

КАНАБАД: ТАШКЕНДИН ТААРЫНЫЧЫ, АКШ КАБАТЫРЛЫГЫ


Өткөн аптанын аягында Өзбекстан 180 күн ичинде Канабадда жайгашкан аскерий базасын АКШ алып чыгып кетүүсүн талап кылды. Айрым байкоочулардын айтымында, расмий Ташкендин мындай кадамы Анжияндагы кандуу окуянын себеп-жөнүн эларалык уюмдардын катышуусунда иликтеп чыгууга кызыкдар АКШ өкмөтүнө көрсөткөн сеси, сүрдымагы. Кошмо Штаттардын аскерий базасынын Өзбекстандан чыгарылып кетиши ириде чөлкөм коопсуздугуна таасир көрсөтүшү мүмкүн.

Шаңхай кызматташуу уюму Астана жыйынында Кошмо Штаттардын Борбор Азиядагы аскерий базаларынын турушу Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу экенин баса белгилеп, мөөнөтү такталышы керектигин этиет эскерткен. Аз өтпөй АКШнын Коргоо министри Дональд Рамсфельд атайы Кыргызстанга келип, маселени оңуна чечип кетти.

Расмий Бишкек да Ооганстандагы кырдаал жайына келе электигин айтып, Ганси аскерий базасынын чыгарылып кетишине азырынча жүйөө жоктугун белгилеп, Астанада айтылган кеп-сөздөргө чекит койду.

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров 1-августта журналисттер үчүн өткөргөн маалымат жыйынында расмий Ташкендин Астана саммитинен соң кескин өзгөрүлгөн позициясын өлкөнүн ички иши катары мүнөздөдү:

- Америка Кошмо Штаттарынын Өзбекстандагы авиа базасын 180 күндүн ичинде алып чыгып кетүүсү - эки өлкөнүн ортосундагы келишимде каралган маселеси. Бизде деле ал каралган. Сөзсүз түрдө ал базаларды кайда алып кетүү маселеси коюлат. Мүмкүн, Кыргызстандагы «Ганси» авиабазасы ошонун эсебинен күчөтүлүшү ыктымал.

АКШ баштаган антитеррордук коалициянын аскерий күчтөрү Өзбекстандын Канабад шаарынын жанындагы абамайданында 2001-жылдын аягынан бери турат. Анжияндагы кандуу окуяларга чейин чет элдик аскерий базанын турушу расмий Ташкендин бийлик каршылаштарын апачык кысымга алып, куугунтуктоосун, дегеле өлкөдө адам укугунун сакталышы жаатындагы толгон-токой мыйзам бузууларга Кошмо Штаттардын көбүнесе көз жумду мамилесин жаратып келген.

Ушул жылдын 13-майындагы Анжиянда болуп өткөн кандуу окуялардын себеп-жөнүн эларалык уюмдардын катышуусунда иликтеп чыгуу талабы АКШ өкмөтү тарабынан улам-улам козголо башташы президент И. Каримовду Кытай менен Орусиядан колдоо издөөгө мажбур кылды шекилдүү.

«Аргументы и факты Кыргызстан» апталыгынын жооптуу катчысы Турат Акимовдун ырасташынча, Шаңхай кызматташуу уюмун алдыга сүрөп, Бээжин менен Маскөөнүн расмий Ташкендин Кошмо Штаттарга сес көрсөтүүгө шыкак берүүсү лөк мамлекеттердин ортосундагы ачык-тымызын тирешүүнүн бир көрүнүшү.

- И. Каримовдун бул айткан сөзү, Шаңхай кызматташуу уюмунун жыйынынан кийинки сөздүн баары эле Ташкендин атынан саясий беттырмалыкка окшоп калды. Бул жерде Анжияндан кийин эле ушундай сөз чыкты. Пекин менен Москва сынамакка жаш баланы жөнөтүп: «тетиги байкеңе тийип келчи» дегендей эле иш болуп калды.

Саясат таануучу Карыбек Байбосунов И. Каримовдун бул кадамы ириде Өзбекстандагы бийлик каршылаштарын жандандырат, алардын жаалы катуу режимге күрөшүн күчөтөт деген пикирде. Анжияндагы калк нааразылыгын канга чакатып басты-басты кылган азыркы өзбек бийлигинин аскер базага байланышкан далбасасынын артында Шаңхай кызматташуу уюму, Кытай менен Орусия турушу күмөн, дейт К. Байбосунов.

- Ислам Каримовдун 180 күн ичинде АКШнын аскерий базасын алып чыгып кеткиле деген сөзү, бул Өзбекстан президентинин келечеги жок деген сөз. Себеби, эгер Америка оюн уюштургусу келсе кайсы гана мамлекеттин болбосун жетекчилигин башкача инструменттер менен басып коюуга мүмкүнчүлүгү жетет.

АКШнын Канабадда аскерий базасынын турушу ириде чөлкөм коопсуздугу үчүн зарыл болчу. Постсоветтик Борбор Азиянын коопсуздугу калтылдап морт экени эч кимге жашыруун эмес. Ага саясий-экономикалык кызыкчылыктарын алдыга сүрөгөн өлкөлөрдүн ичара ынтымагынын начардыгы, бул аз келгенсип демократиялык жаңылануулардын ордуна түшпөс президенттердин жеке бийлигинин орношу себеп болууда. Канабаддагы аскерий базанын айланасындагы талаш ошондон саясий өң-түс алып кетүүдө.
XS
SM
MD
LG