Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

САУД АРАПСТАНДЫН ПАДЫШАСЫ ФАХД ДҮЙНӨ САЛДЫ


Сауд Арапстандын падышасы Фахд бин Абдул Азиз 83 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин көз жумду. Чөлдөгү мунайга бай падышачылыгын 23 жылдан бери башкарып келген Фахд бул жылдары өз өлкөсүн АКШнын жакын өнөктөшүнө айландырды. Акыркы 10 жылдан бери сыркоолоп келаткан экс-падышанын тактысын мураскар ханзаада Абдулла ээледи.

Дүйшөмбүдө Сауд Арапстандын мамлекеттик телеканалынын диктору үнү каргылдана кайгылуу кабарды жар салды.

- Падышалык сот, улуу урматтуу мураскор ханзаада Абдулла, бардык үй-бүлө мүчөлөрү улут менен бирге кабыргасы кайышып, эки ыйык мечитке камкорчу падыша Фахд бин Абдул Азиздин өлүмүнө байланыштуу терең кайгыга батты. Падыша оорудан улам көз жумду.


Падыша Фахддын өлүмү көпчүлүк үчүн күтүүсүз окуя деле болгон жок. Маркум 1995-жылы жүрөк талмасы кармагандан бери мурункудай иштей албай, оорунун торуна чалдыккан, быйыл май айында эки өпкөсү жабыркаганда да аз жерден аман калган.


Андыктан Саудинин падышалык үй-бүлө мүчөлөрү көп күттүрбөй, 10 жылдан бери иш жүзүндө мамлекетти башкарып келаткан мураскор ханзаада, Фахддын аталаш иниси Абдулланы жаңы падыша деп жарыялашты.

- Падышалык үй-бүлө мүчөлөрү Улуу даражалуу мураскор ханзаада Абдулланы өлкөнүн жаңы падышасы катары адал кызмат өтөйт деп ант берет. Ушуну менен эки ыйык мечиттин камкорчусу падыша Абдулла өзүнүн мураскору катары ханзааада Султан бин Абдул Азизди жарыялады.


Падыша Фахд 1982-жылы тактыга отурганда, атасы, Сауд Арапстандын түзүүчүсү, экс-падыша Абдул-Азиздин падыша аталган төртүнчү уулу болгон. Ал тактыны ээлегенге чейин 20 жылдай министрлик деңгээлдеги ар түрдүү кызматтарда иштеп, өзүнүн дипломатиялык жөндөмүн көрсөтө алган. Бирок жаш кезинде Фахд шапар тээп, Монте-Карлодогу казинодо бир ирет 6 млн. доллар уттуруп ийгени, кыздардын артынан калбаган, ичкиликке жакын жеңил ойлуу жашоосу да эл оозунда калган.

Мамлекет башчы катары ал Сауд Арапстанды АКШ менен арап өлкөлөрүндөгү консерватор исламчылар ортосунда теңсалмакта кармап келүүгө аракеттенди. Ал өзүн дүйнө мусулмандары үчүн Мекке жана Мединадагы эң ыйык жайлардын камкорчусу деп да атаган.

Анын мамлекет башкаруу ишмердигиндеги эң татаал мезгил – 1990-жылы Ирак Кувейтке басып киргенден кийин ал Сауд Арапстанда Америкалык базалардын ачылышына уруксат бергени болду. Ал кадамы менен маркум падыша Фахд Вашингтондо терең ыраазычылыкка татыганы менен, өз мекенинде жана башка мусулман өлкөлөрүндөгү консерваторлордун катуу чабуулуна кабылып келди. Азыркыга дейре консерваторлор Мухаммед Пайгамбар төрөлгөн ыйык жайда мусулман эмес аскерлер жайгаштырылганын жекирип келатышат.

Сауд Арапстанда төрөлүп өскөн Осама бин Ладен өз мекенинен душманчыл аскерлерди гана чыгарбастан, падышалык үй-бүлөнү түп тамырынан жок кылаарын эскерткен.


Андан сырткары Сауд Арапстан – дүйнөдө мунайдын запастары жагынан 1-орунда турганы менен соңку жылдары андан түшкөн киреше азайып, падыша Фахд бир топ мамлекеттик чыгымдарды кыскартууга аргасыз болду. Мындай чаралар, Вашингтон менен болгон кызматташтыгы Саудилик падышалык үй-бүлөгө нааразы күчтүү оппозициянын калыптанышына алып келди. Айтор, падыша Фахд өз өлкөсүн абдан туруктуу абалда калтырып кетти деп айтуу кыйын. Тактыны жаңыдан ээлеген падыша Абдулла жаш эмес, 81 жаш куракка келип калды.

Сауд Арапстандын Конституциясы боюнча, өлкөнү түзгөн Абдул-Азиздин 44 уулунун ар бири кезеги менен тактыны ээлей берет, кийинки муунга кезек жеткенче далай мезгил бар, ошондуктан Саудини дагы канча мезгил терең улгайган, ден соолугу начарлай баштаган падышалар башкараары белгисиз.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG