Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:02

Талас шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысынын үстүнөн кылмыш иши ачылды


ТАЛАС. Талас шаарындагы орто мектептердин деректирлери жана балдар бакчаларынын башчылары бир тарап жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кенжаалы Орозалиев бир тарап болгон тирешүүнүн аягына али чекит коюла элек. Бирок эки жылга чукулдап калган чыр-чатак өлкөдөгү саясий бийликтин алмашылышы менен калыс чечилиши мүмкүн деген пикирлер айтылууда. Улуттук коопсуздук кызматынын Талас облусу боюнча башкармалыгы Кенжалы Орозалиевдин үстүнөн Кылмыш кодексинин 171, 304 жана 315-беренелери боюнча кылмыш ишин ачып, тергөө амалдары жүрүүдө. Коопсуздук кызматынын документтерине таянып, билим берүү министринин милдетин аткаруучу Досбол Нур уулу кол астындагы кызматкердин иштен четтеткен буйрук чыгарды. 10-августта тергөө амалдарын жүргүзүү аяктап, иш сотко өткөрүлө тургандыгын коопсуздук кызматынын облустук башкармалыгынан 1-август күнү ырасташты.

XS
SM
MD
LG