Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Өкмөт түштүктө кыргыз тилиндеги телеберүүлөргө жеңилдик бериши ыктымал


БИШКЕК. Кыргызстандын түштүк аймагында кыргыз тилиндеги телекөрсөтүүлөр жетишсиз болуп жаткандыгын, ошондуктан, кыргыз тилинде көрсөткөн каналдарга жеңилдик берүү зарылдыгын өкмөттүк жыйында биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов билдирди. Отурумда калкты маалымат менен жабдуу маселеси талкууланды. Куловдун айтымында, каражаттын тартыштыгынын кесепетинен айыл эли маалыматтан ажырап калды. Ошондуктан, интернет, телефон жана электрондук байланыштарды күчөтүү зарыл деп эсептеди. Телекөрсөтүүнүн цифралык ыкмасына өтүүгө мезгил жеткендигин ушул эле отурумда вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров белгиледи. Анын айтымында, ретранцляциялоочу станцияларды жаңылоого көмөк көрсөтөөрүн ЕККУ убада кылды. Ушундай эле сүйлөшүүлөр Германия өкмөтү менен жүрүп жатат. Ошондой эле жыйында белгилүү болгон маалыматтарга караганда, телерадио көрсөтүүнүн линиялык магистралын (РМТР) Кыргыз телерадиокорпорациясынын карамагына өткөрүү үчүн токтом долбоору даярдалып жатат.

XS
SM
MD
LG