Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:52

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирүү таратты


БИШКЕК. АКШнын мамлекеттик катчысы Кондализа Райс жаңы шайланган президент Курманбек Бакиев менен 29-июлда телефон аркылуу байланышып, Анжиян окуясында баш паанек сурап келген өзбекстандыктарды үчүнчү өлкөгө которууда БУУнун Качкындар иштери боюнча башкы комиссарлыгына колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу 1-августта АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирүү таратты. Билдирүүдө Кыргыз өкмөтү бул кадамы аркылуу БУУнун гуманитардык принциптерин колдогон эл аралык коомчулуктун алкышына татыды деп айтылат. Элчилик эми калган 15 адамдын укуктарын камсыздоо үчүн да кыргыз өкмөтү кечигүүсүз кадамдарды жасарына ишенимин билдирген. Билдирүүдө белгиленгенге караганда, 439 качкын Улуттар уюму үчүнчү өлкөгө туруктуу жайгаштырганга чейин Румынияда болушат.

XS
SM
MD
LG