Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:28

Судандын биринчи вице-президенти авиакырсыктан каза тапты


Африканын Судан мамлекетинин биринчи вице-президенти Жон Гаранг авиакырсыктан каза тапты. Алтымыш жаштагы Гаранг кошуна Угандага барып, өлкө президенти Йовери Мусевени менен сүйлөшүү өткөргөн жана Суданга ишемби күнү учуп чыккан, тик учма кыйраган жер бүгүн гана табылды. Гаранг өлкөнүн түштүк провинцияларынын автономиясы үчүн күрөшүп, Улуттук боштондук армиясын башкарган жана үстүбүздөгү жылдын январында Судандын биринчи вице-президенти болуп дайындалган. Судан президенти Омар ал-Беширдин айтымында, өлкөдө тынчтык орнотуу жараяны улантылат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG