Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Тегеран Батыш өлкөлөрүнө ультиматум койду


Ирандын айтымында, ал жакын арада өзүнүн өзөктүк программаларын кайрадан жандантышы мүмкүн. Өлкөнүн тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, Европа Биримдигинин өкүлдөрү бүгүн Тегеранга өз сунуштарын тапшырууга тийиш, эгер алар антпесе, Иран өзүнүн Исфахан шаарындагы өзөктүк ишканасын кайрадан иштетет. Окшош талапты Тегеран кечээ күнү дагы койгон, бирок Европа Биримдиги сунуштарын бир аптада даярдайбыз деп билдирген. Иран, Алмания, Улуу Британия жана Франция ортосунда өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдүн найтыжасында өткөн ноябрда Иран өзүнүн өзөктүк программаларын убактылуу токтоткон, Батыш өлкөлөрү ал үчүн соода жеңилдиктерин жана башка артыкчылыктарды убада кылган.

XS
SM
MD
LG