Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:49

ӨЗБЕКСТАНДАГЫ АМЕРИКАЛЫК АСКЕРИЙ БАЗА ЖАБЫЛАТ


Өзбекстан АКШдан өлкөнүн түштүгүндөгү Ханабад шаарчасында жайгаштырылган аскерий базасын чыгарууну расмий түрдө өтүндү. Өзбек бийликтери мындай чечимди АКШнын коргоо министри Дональд Рамсфелддин Кыргызстанга келип кетишинин соңунан эле кабыл алып олтурат. Бишкектеги сүйлөшүүлөрдө тараптар АКШнын бул жердеги аба базасы талап кылынганча турарын макулдашканы белгилүү. Ошентип эки коңшу өлкө америкалык аскерий базга эки башка мамиле жасады.

Өзбекстандын түштүгүндөгү Ханабад шаарчасында 2001- жылдын күзүндө Ооганстанда антитеррордук кампания башталганда жайгаштырылган америкалык база К-2 деп аталат. Өзбек бийликтери Вашингтондон ал базаны 180 күндүн ичинде чыгарып кетүүсүн өтүнгөн нотаны өткөн жума күнү өлкөнүн Ташкендеги элчилигине жолдогон. Крейг Мюррей Британиянын Өзбекстандагы мурдагы элчиси. Анын пикиринде, мунун менен президент Ислам Каримов кыраакы чечим кабыл алган жок:

- Менимче, Ислам Каримов өзүнүн күчтүүлүгүн көргөздүм деп эсептеши мүмкүн. Бирок алыскы келечекти эске алганда ал кем акыл экенин көргөздү. Себеби Кошмо Штаттар эл аралык аренада көп нерсени кыла алат. Акыр аягында АКШнын Кытай менен Орусияга караганда, ресурстары арбын.

Баяндамачылардын пикиринде, Вашингтон менен Ташкендин мамилеси узактан бери эле бузула баштаганын эске алганда, өзбек өкмөтүнүн америкалык аскерлерди чыгаруу жөнүндөгү чечими таң калыштуу эмес. Ташкент АКШга көз карашын Грузиядагы түстүү ыңкылаптан кийин эле өзгөрткөн. Себеби Грузияда Эдуард Шеварднадзенин бийликтен кулатылышына АКШ шыкакчы болду деп эсептеген. Ислам Каримов анын тагдырын кайталоодон кооптончу.

Фарход Иногомбаев - өзбекстандык эксперт:

- АКШдан жүздү буруу Анжиан окуясынан мурда эле башталган. АКШ менен алаканын начарлоосу менен катар Каримов Орусия жана Кытайга ыктоого өттү. Өзбекстан саясатынын вектору Анжиан окуяларына чейин, мурдагы советтик республикалардагы ыңкылаптардан кийин эле башталган. Бирок бул нерсе чегине Анжиан окуяларынан кийин жетти.

Аналитиктердин пикиринде, Өзбекстандын чечимине албетте башка факторлор да кошумча болду. Маселен Шанхай кыматташтык уюму өткөн айдын башындагы саммитинде АКШдан Борбор Азиядагы базаларын чыгаруунун мөөнөтүн тактоону өтүнгөнү белгилүү. Бул өз кезегинде Кытайдын жана Орусиянын мүдөөсүн чагылдырган чечим катары каралууда.

Cаясий технологиялар боюнча Москвадагы борбордун аналитиги Сергей Микеевдин бул маселеде пикири мындай:

- Ислам Каримов Америкага ачык каршы чыгуу мүмкүнчүлүгү жок экенин түшүнөт. Орусия ал кайрыла ала турган жалгыз өлкө. Орусия ошондой эле Борбор Азияда Американын болушуна кызыкдар эмес экени анык. Каримовдун АКШга каршы туруу жөнүндөгү чечими - жашоо үчүн күрөш. Бул күрөштөгү биринчи нерсе - Американын аскерий таасиринен кутулуу.

АКШнын Анжианда май айында орун алган кан төгүүнү айыптап, көз карандысыз иликтөө өткөрүүнү талап кылышы да Өзбекстандын чечимине таасир тийгизген олуттуу фактор болду. Вашингтондун сынынан соң июнь айында Ташкен К-2 базасында түнкү учууларга чектөө киргизген эле.
Маалыматтарга караганда, Вашингтон 1000дей аскер жайгашкан базанын ижара акысы үчүн жылына 15 миллион долар төлөп келген. Кыргызстан ошондой эле 1000 аскер турган Ганси базасы үчүн 50 миллиондой акы алат. АКШнын коргоо министри Дональд Рамсфелддин өткөн аптадагы визитинен соң, кабарларга караганда, Вашингтон Ганси аба базасынын ижара акысын эки эсеге көбөйтүүгө макул болду. Буга кошумча Кыргызстанга 200 миллион доллар үстөк пайызсыз насыя берүү ниети бар.

Британиянын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Крейг Мюррей эми Гансини АКШнын Борбор Азиядагы башкы аскерий базасына айлантып, Кыргызстан андан экономикалык жана саясий да пайда көрсө болот эсептейт:

- Эгер мен Кыргызстандын өкмөтү болсом, муну кайра карап, ижара акысын бир топ көп сурамакмын. Себеби бул база АКШ үчүн өтө зарыл. Алар бир нече жүз миллион доллар жөнүндө кеп кылышы керек. Бул жакыр Кыргызстан үчүн чоң жардам болмок. Бирок өтө маанилүүсү - Батыштын Кыргызстан менен бирге турушу. Себеби Өзбекстандын Кыргызстанга экономикалык кысым көргөзүү, өзгөчө энергия менен камсыздоодо шантаж жасоо мүмкүнчүлүгү бар.

Крейг Мюррейдин пикиринде, Ташкенттин чечими Тажикстан үчүн да жакшы жаңылык. АКШ Тажикстанда туруктуу негизде аскерлерин жайгаштырышы мүмкүн. Бул Тажикстанга чек араны көзөмөлдөп, наркосоодага каршы күрөштө жардам берет.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG