Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:52

ИРАК: БАШ МЫЙЗАМДЫН ДОЛБООРУ 15 КҮНДӨ ДАЯР БОЛОТ


Ирактын жаңы Конституциясынын долбоорун даярдап жаткан комиссиянын төрагасы Башмыйзамдын долбоору өз мөөнөтүндө - 15 августан кечикпей даярдалып бүтөөрүн жарыя кылды. Долбоор мөөнөтүндө бүтпөсө, эрегишчи күчтөр күчтөнүп, өлкөдөгү этникалык жана диний топтор ортосундагы ажырым дагы тереңдейт деп кооптонгон Кошмо Штаттары комиссияга кысым жасап, чамынып иштөөнү талап кылып жаткан эле.

Жаңы Башмыйзамды даярдоочу комиссиянын башчысы Хамам Хаммуди бүгүн дүйшөмбү күнү Ирак парламентинде сүйлөп, ал жетектеген топ Конституция долбоорун 15-августта иштеп бүтөт деп сөз берди. Бул Ирактын утурумдук административдик мыйзамында бекитилген мөөнөт. Комиссия 1-августтан кийин береги датаны өзгөртүүнү сурап, парламентке кайрылууга акысы жок.

Бүгүнгө карай комиссиянын 71 мүчөсү Конституциянын 90 пайызы боюнча мунасага келишкен. Комиссия башчысы Хаммудинин маалымдашынча:

- Комитеттин ар бир мүчөсү, дээрлик бардыгы же көпчүлүк мүчөсү күн-түн иштеп, долбоорду 15-августта даяр кылабыз деп жатышат. Кызыгы, атүгүл сунни арабдар мөөнөттү сактоону талап кылышууда жана биз Башмыйзамдын долбоорун ушу мөөнөттөн калтырбай даярдап бүтөбүз.

Хаммудинин сөзүнчө, президент Талабани парламенттик топторду 5-август күнү кездешип, Конституция боюнча талаш-тартышты жаратып жаткан бардык маселелерди талкуулоого чакырмакчы болууда.

Хаммуди башындагы комиссия бир катар маселелерди тактай албай жатышат. Алсак, шииттер өлкөдөгү бийлик исламга таянып жүргүзүлүш керек деп санашат. Күрттөр болсо шариат мыйзамдын бир булагы болсун деген пикирде бекем турушууда.

Күрттөр ошондой эле Иракта федералдык башкаруу киргизилүүсүн талап кылышууда. Сунниттер федерализм мамлекеттин ыдырап кетүүсүнө жол салат деп кооптонушат.

Регионалдык өкмөттөрдүн бийлик укугу жана мунайдан түшкөн кирешени бөлүштүрүү боюнча да талаш күчтүү.

Андан улам ишемби күнү күрт делегаттар Конституциянын долбоорун иштеп чыгууга берген мөөнөттү жарым жылга узартууну өтүнүшкөн. Ал эми сунниттер менен шиттер келишпестиктерди жөндөө үчүн ашып барса 1 ай керек дешет.

Ырасмий Вашингтон долбоор 15-августа бүтпөсө, Ирактык эрегишчи күчтөр күчтөнүп, этникалык жана диний топтор ортосундагы ажырым дагы тереңдейт, өлкө капсалаңга кайра түшөт деп чочуйт.

Бышмыйзам долбоорун парламент бекитсе, октябрдын ортосунда жалпы элдик референдум өткөрүлөт. Ирактын 18 провинциясынын ичинен үч провинциянын эле шайлоочулары каршы чыкса, жаңы Конституция бекитилбей калат.

Күрттөр үч провинцияда көпчүлүктү түзөт. Кеминде төрт провинцияда суннилер үстөмдүк кылышат. Калган 11 провинциядагы бийлик шииттердин колунда.

XS
SM
MD
LG