Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:24

МАКСАТСЫЗ РЕФОРМА, “ГАНСИ” ФРАНЦУЗ АСКЕРЛЕРИ МЕНЕН ТОЛУКТАЛАТ


Апта башында чыккан “Вечерний Бишкек” гезити Кыргызстанга Кытайдын аскер базасы жайгашышы мүмкүн эле деген маселеге кайрылды. Ал эми “МСН” гезитинде “Реформа эч жакка алып келген жок” деген макала чыкты. Анда автор 14 жыл бою жүргүзүлгөн реформа тууралуу сөз кылат.

2-августта жарыкка чыккан “МСН” гезитинде эмгек сиңирген куруучу Базарбай Мамбетовдун “Эч жакка алып келбеген реформа” деген макаласы жарыяланды. “Акаев 14 жыл башкарган мезгилде жүргүзүлгөн реформа тууралуу айтып да кереги жок. Реформаны жүргүзүүнүн эч кандай максаты жок эле, ошондуктан чет жактагылар күткөн реформа болгон жок”, деп жазат макала автору.

Ошондой эле автор жаңы бийликке мындан ары кандай кадам жасаш керек деген сунуштарын берет. Автордун пикиринде, жаңы бийлик өндүрүштү бутуна тургузуп, кадр саясатына көңүл буруусу зарыл.

Ушул эле гезитте журналист Людмила Жолмухамедова жайкы мезгилде орто мектептин окуучулары ремонт иштерин жүргүзүп жаткан маселени көтөрдү. Автордун жазганына караганда, окуучуларды мектептеги ремонт ишиние тартуу-бул мыйзамсыз иш.

Кытай аскер базасынын ордуна эми өлкөдө француз чет элдик легиону жайгашат экен деген имиштер айтылып жүрөт. Мына ушул имиштердин аныгын “Вечерний Бишкек” гезити дүйшөмбүдөгү санында “Д’Артаньяндар «Манаста» жайгашат” деген макалада жазды. Макалада маалымдалгандай жакынкы үч айда “Ганси” атындагы антитеррористтик коалициянын аскер кызматкерлеринин жанында Сена дарыясынын жээгинен келген 50 жоокер жана офицерлер күзөттө турат. Аларды бүгүнкү күндөн баштап жайгаштырып, октябрдын аягында же ноябрдын башында алып чыгышат.

“Дипломаттардын сөзү боюнча, бул айласыздан көрүлүп жаткан чара жана Афганистанда жакында өтө турган парламенттик шайлоодо коопсуздукту жогорулатууга багытталган. Ал жакта жагдай туруктуу эмес, депутаттардын шайланышын үзгүлтүккө учуратуу максатында теракт болушу мүмкүн”, деп жазды гезит.

Кыргызстандын түштүгүндө алты жылдан бери ийгиликтүү жүзөгө ашырылып келаткан “Көп тилдүү билим берүү” долбоору жабылууда. Мына ушул маселени көтөргөн журналист Амалия Бенлиян балдардын тил үйрөнбөй калышынын себеби – бул келишимдердин долбоорлору окуу жылынын башталышына карата бүтөөрүнө байланыштуу деп жазат. Автор “Чет өлкөдөн финансылык жардам болбосо Билим берүү министрлиги муну менен иш алып барабы же билим берүү ведомствосунун демилгеси өнөктөштөрдүн гранты менен кошо түгөнөбү? деген суроону койгон.
XS
SM
MD
LG