Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:15

Бир катар акын-жазуучуларга наам берилди


БИШКЕК. Президенттин жардыгы менен Шайлообек Дүйшеевге, Анатай Өмүркановго “Кыргыз эл акыны”, ал эми Кудайберген Жапаров, Абзий Кыдыров жана Кыялбек Урманбетовго “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер”, Мырзабек Тойбаевге “Кыргыз эл жазуучусу” наамы ыйгарылды. Белгилүү обончу, аткаруучу Түгөлбай Казаковго болсо "Кыргыз эл артисти" деген наам берилди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан 2-августта кабарлашты.

XS
SM
MD
LG