Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:40

Курулуш округу боюнча жеңүүчү аныкталды


БИШКЕК. 2-августта Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны болуп, анда Курулуш жана Куршаб шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоонун жыйынтыгы талкууланды. Узакка созулган соттошуудан кийин Курулуш шайлоо округунун эки участогунда жекшемби күнү кайра добуш берүү уюштурулуп, анда Кабай Карабеков жеңип чыккан. Натыйжада Борбордук шайлоо комиссиясы бул округ боюнча жеңүүчү деп Кабай Карабековду тааныды. Ал эми Куршаб шайлоо округунун үч участогунда шайлоо болбой калды деген Куршаб округдук шайлоо комиссиясынын токтому жыйында жокко чыгарылды. Бирок бул округдун депутаты атала элек.

XS
SM
MD
LG