Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:36

Н. Танаевдин адвокаты Баш прокурорго келди


БИШКЕК. Мурдагы өкмөт башчы Николай Танаев менен “Мекеним-Кыргызстан” кыймылынын лидери Урмат Барыктабасовдун адвокаттары Башкы прокуратурага келип кетишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” өлкөнүн Баш прокурору Азимбек Бекназаров билдирди. Издөө жарыяланып, жашынып жүргөн адамдардын өз эрки менен суракка келүү мөөнөтү 1- августта аяктады. Башкы прокурордун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Танаев менен Барыктабасовдун адвокаттары өздөрүнүн келишин издөөдөгү адамдын келиши катары түшүнүүнү Башкы прокурордон суранышкан. Азимбек Бекназаровдун айтымында, адвокаттары 1-августка чейин келбегенде ушул аптада суракка келиши күтүлүп жаткан Николай Танаев менен Урмат Барыктабасов дароо камакка алынмак. Башкы прокурор издөөдө таптырбай жүргөн адамдар өз эрки менен суракка келсе, жаза чарасы жеңилдейт деген жарыясынан кийин Эдуард Пак, Борис Воробьев, Шалкар Жайсаңбаев жана бир катар адамдар Кыргызстанга кайтып келишти.

XS
SM
MD
LG