Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:12

Жорж Буш Курманбек Бакиевди куттуктады


БИШКЕК. Жаңыдан шайланган президент Курманбек Бакиевге АКШ президенти Жорж Буш куттуктоо жолдоду. “10-июлдагы шайлоодогу жеңиш сиздин эле жеңишиңиз эмес, Кыргызстандын демократиялык өнүгүүсүндөгү алгалоосу жана марттагы демократиялык жеңиштердин бекемделиши болду. Жергиликтүү жана эл аралык байкоочулардын баасы боюнча, 10-июлдагы шайлоо эң демократиялык мүнөздө өттү. Америка Кошмо Штаттары мындай шартта сиз, сиздин өкмөт жана Кыргызстан калкы менен болуп, Конституциялык реформа жана демократияны бекемдөөчү иштерде ийиндеш турууга даяр” деп, жазылган Жорж Буштун куттуктоосунда. Куттуктоодо ошондой эле өзбек качкындарына баш паанек берүү жана алардын андын аркы тагдырын чечүүдө Бириккен Улуттар уюмунун Качкындар боюнча комиссарлыгы менен тыгыз кызматташуу Кыргызстанга эл аралык коомчулуктун ыраазылыгын алып келгени белгиленген. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан 2-августта кабарлашты.

XS
SM
MD
LG