Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:23

ТҮНДҮК КОРЕЯ ЧАТАГЫНЫН ТЕГЕРЕГИНДЕ МУНАСА ТАБЫЛА ЭЛЕК


Бэйжинде өтүп жаткан Түндүк Кореянын өзөктүк куралдар программасы боюнча алты тараптуу сүйлөшүүлөр башталганына бир жумадан ооду. Дипломаттар бул ирет кийинки чечүүчү сүйлөшүүлөрдүн түйүндүү маселелерин тактоо аракетинде. Айрым делегация башчылары ушу тапта сүйлөшүүлөр талылуу жерине жеткенин, мунаса табылаар-табылбасын азырынча Түндүк Корея тарап ачык айта электигин билдиришти.

Шейшембиде АКШ, Жапония, Орусия, Кытай жана эки Корей Республикаларынын элчилери Корей жарым аралын өзөктүк куралсыз аймакка айландыруу маселесин талкуулап жатканына экинчи жумага ооду. Буга чейин делегаттар алты тараптуу сүйлөшүүнүн корутундусу катары эки билдирүүнүн долбоорун сунуш кылышып, талаш-тартыштардан улам, экөөнө тең кол коюлган жок. Алардын соңкусун дүйшөмбүдө кечинде Кытайлык делегация сунуш кылып, Бэйжин анда Түндүк Корея өзөктүк программасын кыскартса, Пхеньян менен экономикалык кызматташтыкка артыкчылык берүүнү убада кылган.


Вашингтондук делегация башчысы, АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Кристофер Хилл ошол экинчи долбоор көпчүлүк тараптын көңүлүнө төп келгенин маалымдады:

- Чын-чынына келгенде, ортодо дагы көптөгөн айырмачылыктар бар, алардын көбү акыркы 12 сааттын ичинде дайын болду. Биз сүйлөшүүлөрдү алдыга жылдырып, диалогду кеңейтүүгө аракет көрүп жатабыз. Бирок бир нерсени ачык айтып коюшум керек, дагы эле Түндүк Корея жана дагы бир башка өлкө ортосунда ири келишпестиктер бар.


Жапониялык делегациянын жетекчиси Кеничиро Сасае шейшембиде сүйлөшүүлөр эң талылуу жерине жеткенин билдирди:

- Акыры сүйлөшүүлөр чындык ачык айтыла турган саамга жакындап калды. Ага катышып жаткан өлкөлөр ортосунда али көп талаштар бар. Бирок баарыбыз тең улуттук кызыкчылыктар жана айрым оң жылыштар камтылган билдирүү кабыл алыш үчүн болгон аракетибизди жасап жатабыз.


Бэйжиндик «Шинхуа» маалымат агенттиги шейшембиде Кытайлык элчилер Түндүк Корея жана АКШлык делегациялар менен өз-өзүнчө жолугушуу өткөргөнүн кабарлады. Башка да маалыматтарга караганда, Кытай бул ирет жолугушуунун кожоюну катары сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратпоо максатында ортомчулук озуйпасын аркалоодо.

Жапониянын тышкы иштер министри Нобутака Мочимура Токиодо өткөн пресс-конференцияда Түндүк Кореялык делегация АКШнын талабы боюнча өзөктүк курал даярдоо программасын токтотууга сөз берген жана байытылган уранды өндүргөнүн моюнга алган билдирүүгө кол коюудан баш тартып жатат деп маалымдады.


Айрым кабар агенттиктери ырасмий Токио менен Вашингтон билдирүүгө Пхеньян кооптуу курал болобу, же жөн жай электр өндүрүү максатында болобу, бардык өзөктүк багыттагы ишмердигин токтотууну убада кылышын каалайт деп жазып чыгышты. Ал тапта Орусия менен Кытай Түндүк Корея өзөктүк курал даярдабаса болду деген пикирде.


Пхеньян өлкөдөгү электр кризисин бетке кармап, атомдук энергетика программасын уланта берүүнү каалайт жана бул багыттагы өндүрүшү эл аралык келишимдерге төп келээрин, бардык атомдук станцияларды эл аралык инспекторлор текшерип чыга алаарын айтууда. Андан сырткары Түндүк Кореялык делегация сүйлөшүүлөр бардык тараптар үчүн жагымдуу чечим менен аякташы керек деп белгилеп, Пхеньян дагы эле Вашингтондон тынчтыкты бузбоо кепилдигин алгысы келээрин айтууда.

Өткөн февраль айында Түндүк Корея – Вашингтондун атомдук чабуулунан сактануу максатында өзөктүк курал даярдап жатканын жарыялаган. Бир жылдан ашуун мезгилден бери токтоп калган Түндүк Корея кризиси боюнча сүйлөшүүлөр өткөн аптада башталган, байкоочулар бул жолугушуу мурдагылардан узакка созулганын жана алгачкы ирет бардык тараптар түшүнүшүүгө ачык аракет жасап жатканын белгилешет.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG