Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:51

Бириккен Улуттар Кыргызстандан өзбек качкындарын Ташкенге бербөөнү талап кылды


Бириккен Улуттардын Женева шаарында жайгашкан Качкындар боюнча башкармалыгы бүгүн кыргыз өкмөтүнө кайрылып, Ош шаарында кармалган 15 өзбек качкынын Өзбекстанга кайтарып бербөөнү дагы бир жолу талап кылды. Башкармалыктын өкүлү Женнифер Пагонистин айтымында, эгер качкындар Ташкенге берилсе, Кыргызстан Бириккен Улуттардын конвенциясын бузган болот. Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги болсо кечээ күнү Бириккен Улуттарга кайрылып, өткөн аптада 440 өзбек качкыны Кыргызстандан Румынияга алып кетилгенин катуу сынга алды.

XS
SM
MD
LG