Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:14

АКШнын БИРИККЕН УЛУТТАРДАГЫ ТУРУКТУУ ӨКҮЛҮ БОЛУП ЖОН БОЛТОН ДАЙЫНДАЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага АКШ президенти Жорж Буш 1-августта Бириккен Улуттардагы америкалык элчи кылып Жон Болтонду дайындады.

Алгач президент анын талапкерлигин март айында көрсөткөн, бирок Сенатта кызуу талкуу башталып, анын демократ мүчөлөрү Болтондун дайындалышына катуу каршы чыккан. Алардын айтымында, Болтондун мурдагы ишмердиги көрсөткөндөй, ал АКШ менен Бириккен Улутттар ортосундагы мамилени бузуп да жибериши мүмкүн.

Анткен менен Сенат жайкы эс алууга чыкканда, президент Буш Болтонду жаңы кызматка дайындады. Эксперттердин айтымында, талаштуу маселелер боюнча мындай кадамга президенттер адатта барбайт.

- Алты айдан бери Американын Бириккен Улуттардагы туруктуу өкүлү жок. Бул кызмат өтө маанилүү, өзгөчө согуш жүрүп жаткан учурда жана Бириккен Улуттарда орчундуу реформалар даярдалып жатканда аны мындан ары бош калтыруу мүмкүн эмес, - деди президент Буш.

Болтон мурда өкмөттө курал көзөмөлдөө жана куралсыздануу маселелери үчүн жооптуу болчу жана Бириккен Улуттардын ишин катуу сынга алып келген. Уюмда азыр ири өзгөрүүлөр болоору күтүлүүдө, анын Адам укуктар боюнча комиссиясынын иши талапка жооп бербейт деген пикирлер көп, Коопсуздук Кеңешине кирген өлкөлөрдүн санын көбөйтүү маселеси көптөн бери көтөрүлүп келет, андан тышкары террорчулукка каршы күрөшүүнүн жалпы стратегиясын иштеп чыгуу боюнча дагы Бириккен Улуттардын маанисин көтөрүү зарыл деген талаптар айтылууда.

Уюм ири реформага муктаж экенин Жон Болтон өзү да айтты:

- Бизге күчтүү жана натыйжалуу, аны түзгөн негиздөөчүлөрдүн идеяларына төп келген жана ХХI-кылымдын талаптарына жооп берген уюм керек. Ошондуктан америкалык баалуулуктар менен кызыкчылыктарды Бириккен Улуттарда коргоп, уюмдун өзүнүн Хартиясында айтылгандай, тынчтык менен стабилдүүлүк үчүн кызмат кылуу мен үчүн өзгөчө сыймык.

АКШ Конституциясы боюнча өзгөчө кырдаалдар учурунда америкалык президентке - кимдир бирөөнү орчундуу кызматка Сентаттын макулдугусуз дайындоо укугу берилген. Азыркы учурду президент Буш дал ошондой өзгөчө кырдаал деп түшүндүрүүдө. Бириккен Улуттардагы реформалар боюнча талкуу болсо мындан алты айдан кийин башталууга тийиш.
XS
SM
MD
LG