Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:58

Ишембиде Бишкекте “Маска” маданият коомдук корунун аракети менен Улуттук кыргыз драма театрынын сахнасында казак драматургу Ракимжан Оторбаевдин “Нашакор жөнүндө новелла” драмасынын негизинде “Тагдыр” деген аталыштагы спектакльдин бет ачары болду. Чыгармада кылымдын эң көйгөйлүү проблемалары - баңгилик, сойкулук, СПИД дартынын жайылыш коркунучу камтылган.

Спектакль кулакты жарган Батыштын музыкасы, маң затты пайдаланып башы айланган, акылдан азган жаштардын кутуруп бийлеген бийи менен башталат.

Караңгы үңкүрдөй болгон жайга өз боюна ээ боло албаган, жанын койорго жер таппай, денеси сыздап ооруган жаш жигит келип, үйдүн ээси - жаш келин Салимадан бир сайым героин карызга бер деп жалынып, тирүүлөй тозоктон куткарып калууну өтүнөт. Салима нашакордун жер-жеберине жетип, бир сайым героин берип, акылдан айнып тегеректеп турган улан-кыздарды каарып кирет. Сахнада укол сайынып жаткан нашакор. Зээн кейиткен коркунучтуу көрүнүш.

Кыргыз драма театрында коюлган бул «Тагдыр» аттуу спектаклде бардар үй-бүлөнүн жалгыз уулун нашакорлор азгырып, маң затка кыйнап көндүрүп, айыккыс ооруга чалдыктырат. Жалгыз уулу оорукчан ата-энесин баңги затын сатып алууга акча таап бер деп кыйнап, азапка салат. Кыскасы, окуя бактылуу үй-бүлөнүн кыйрашы, ата-эненин өлүмү, сүйгөн жарынын көз жашы, уулунун тирүүлөй жетим калышы менен аяктайт.

Чыгармадагы трагедия коомубуздун көйгөйү дейт, спектаклдин режиссеру, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Эгемберди Бекболиев:

- Мен спектакльди сахналаштырып жатканда шаардык наркологиялык диспансер, ВИЧ-СПИДге каршы борбор менен тыгыз байланышып, маалымат алдым. Тогуз жаштагы наркомандар бар экен. Келечек эмне болот? Учурда СПИД менен ооруп, атайын катталгандардын саны 700дөн ашыптыр. Коомчулукка бул проблемларады чечүү керек деген чакырык менен ушул оюнду койдум. Бул чыгарманы Бишкек шаарында, Нарын облусунда көрсөтүп, тиешелүү адистер менен агартуу иштерин жүргүзөбүз.

Ал эми оюнду сахнага алып чыккан «Маска» маданият коомдук корунун жетекчиси, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Сатылган Сазаев коомдогу көйгөйлүү проблемаларды театр өнөрү аркылуу чагылдырууга өкмөт тарабынан көптөн бери көңүл бөлүнбөй калган дейт:

- Маданиятты тейлеген тиешелүү мекеме, өкмөт 15 жылдан ашуун убакыттан бери коомдогу көйгөйлөрдү чагылдырган спекткаль коюуга акча каражатын бөлбөй калган. Баңгичилик, СПИД, жыныстык жугуштуу оорулар көбөйүп баратканын угуп, билип туруп кантип чыдайбыз. Көчөдө калган канчалаган балдар жүрөт. Ушул маселени көтөрүп чыгуу максатында каражат издеп, көп мекемелерге, бизнесмен-ишкерлерге кайрылдык, колдоо болгон жок. Анан “Ысыккөл” кору бар экен экс-премьер-министр Турсунбек Чынгышев жетектеген, мына ошолор материалдык, моралдык жактан жардам беришип, ушул спектакльди жараттык.

«Ысыккөл» корунун «Анти СПИД» маалымат агартуу борборунун менеджери Канчоро Алымбеков болсо буларга токтолду:

- Биз СПИДге каршы күрөшүү боюнча чет элдик грант утуп алганбыз. Буга чейин СПИДге, баңгилик, сойкулукка каршы күрөшүү багытында видеотасма тартып, бир катар агартуу иштерин жүргүзүп, семинарларды өткөрүп келдик. Анан театр көрүүчүлөр менен жандуу байланыш түзөт эмеспи. “Маска” маданият коомдук корунун демилгесин колдоп, каржы жагынан жардам бердик.Бул чыгарманы жаштар арасында көргөзүп, жаман жолго түшпөөгө үндөйбүз деген ой-максат бар.

Спектакль аяктаган соң айрым көрүүчүлөрдүн көз жашы кургабай чыккандарына күбө болдум. Бардыгынын кабагы суз. Чыгармадагы трагедиялуу окуянын таасиринен чыга албай, ар кимиси өз ойлору менен алек. Көрүүчүлөрүдүн бири, Жыргалгүл аттуу жаш келин мындай пикирде:

- Спектакльди көрүп алып, жан дүйнөм кейип турат. Жаштарыбыз кайда баратат. Булардын тагдыры жөнүндө мамлекетибиз эмне үчүн кам көрбөйт. Кыскасын айтканда абдан коркунучтуу. Мындай чыгармага жаштарды көп тартуу керек. Бир гана кемчилиги, көрүүчүлөрдү уюштуруу иштери же жарнаама начар болуп калганбы көрүүчүлөр аз болду.

Айнагүл атуу дагы бир көрүүчү оюндун таасиринен улам толкунданганын токтото албай, буларга токтолду:

- Эмне дешимди да билбей турам. “Тагдыр” спектаклиндеги адамдардын тагдырынын бузулушун мамлекетибиздин бузулушу катары кабыл алдым. Жалаң акчанын аркасынан арам адамдар мөлтүрөгөн байоо балдарды бузат турбайбы. Эки уул, бир кызымдын келечегин ойлоп, коомубуздун бузулганын ойлоп, жүрөгүм ооруп чыкты.

«Маска» маданият коомдук кору үстүбүздөгү жылдын май айында ачылган. Улуу Ата мекендик согуштун жеңишинин 60 жылдык мааракесине карата Польшалык драматург Ян Теттердин «Дубал» атуу чыгармасын сахналаштырып, бет ачарына согуш ардагерлерин чакырган. Ал чыгарманы бир катар аскер бөлүктөрүндө окуу жайларда көрсөтүшкөн.

«Масканын» максаты - коомдогу терс көрүнүштөрдү, маани берилбей жаткан социалдык проблемаларды театр өнөрү аркылуу чагылдырып, эс алуудагы көркөм өнөр адамдарына материалдык, моралдык жардам көрсөтүү.

Сүрөтттө: Баш каарман Салиманын ролун аткарган актриса Шайыргүл Касымалиева
XS
SM
MD
LG