Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:43

Иран менен Европа өзөктүк программа боюнча талашып-тартышып жатат


Эгер Иран өзөктүк программасын жанданта турган болсо Европа Биримдиги сүйлөшүүлөрдү токтотушу мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн Евробиримдиктин атынан Иран менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан Улуу Британия, Германия жана Франция билдирип, өзөктүк программа боюнча туңгуюктан чыгуунун башка жолун издөө керектигин белгилешти. Германиянын канцлери Герхард Шрөдер мындай деди:

- Европалыктар экономикалык кызматташуунун кызыкчылыгы үчүн бир топ артка чегинсек болот. Бирок Иран өзүнүн өзөктүк куралын чыгарганына чыдай албайбыз. Мен муну элдин баары түшүнөт деп үмүттөнөм. Ошон үчүн европалыктар, анын ичинде немистер кырдаалды ого бетер татаалдатпай, жөнгө салуунун жолун издешибиз керек. Мен өзүм буга ишенем.

XS
SM
MD
LG