Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:52

Учак өрттөнүп кетти


Канаданын эл аралык “Пирсон” аэропортуна коно албай Франциянын бир учагы өрттөнүп кетти. Ичинде 309 жүргүнчүсү бар ал учак жерге коноюн деп келатканда жолдон чыгып кетип, кырсыкка кабылган. Бирок өрт күч ала электе жүргүнчүлөрдүн баары андан аман-эсен чыгарылып, бир нече адам гана ооруканага жеткирилди. Маалыматтарга караганда, учактын конуусуна катуу жааган жамгыр тоскоолдук кылган.

XS
SM
MD
LG