Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:56

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР БИРИГЕБИ?


Учурда Кыргызстанда элүүнүн тегерегинде саясий партия бар. Алар биригүүгө буга чейин да аракет жасашкан. Бирок партиялык тизме боюнча шайлоо тартибин киргизүү тууралуу билдирүүлөр бул жараяндын кайрадан жанданышын шарттап жатат.

Саясий партиялардын биригүү аракети алгач 2001-жылдын ноябрь айында ишке ашкан. Анда “Арнамыс”, “Атамекен”, “Эркиндик” жана “Эл” партиясы биригип, Кыргызстан элдик конгрессин түзүшкөн. Андан кийин партиялардын биригүү жараяны 2003-жылдын аягында байкалып, “Жаңы заман», «Манас эл», “Жаңы кыймыл» жана кооператорлор партиялары биригип, «Алга, Кыргызстан» партиясын түзүшкөн. Ал эми 2004-жылдын соңунда тогуз партия биригип, Кыргызстан элдик кыймылын түзгөн жана мына ушул биригүү кыргыз тарыхында бурулушту пайда кылып, 24-марттагы ыңкылапка себепкер болду.

Ыңкылаптан кийин партиялык тизме боюнча шайлоону киргизүү идеясы күчөтүлө баштады. 23-июлда Кыргызстан элдик кыймылынын курултайында сөз сүйлөгөн жаңыдан шайланган президент Курманбек Бакиев «Кыргызстанда келечекте партиялардын ирилешүүсү болуп, өлкөнүн тагдырын колго алып, өкмөт түзө ала турган эки-үч партия болсо болот» деген пикирин билдирген.

Кыргызстан элдик кыймылына кирген партиялар 23-июлдагы курултайда “Кыргызстан” коомдук-саясий кыймылы болуп кайра түзүлдү. Жаңы кыймыл солчул, же оңчул багытта эмес, коомдо адилеттүүлүктү орнотууга аракеттенет деп билдирди, кыймылдын лидерлеринин бири Азимбек Бекназаров:

- Биздин кыймыл Акаевдин режимине оппозиция болуп келген жана ошол багытта кала берет. Негизи демократиялык принциптерди, мыйзамдуулукту туу тутат. Коомго адилеттүүлүктү, демократияны орнотууга аракеттенет.

Бирок байкоочулардын пикиринде, “Кыргызстан” коомдук-саясий кыймылына негизинен солчул күчтөр кирген. Маселен, эки коммунисттик партия, “Жаңы Кыргызстан» партиясы жана башкалар.

Мындай шартта оңчул күчтөр да биригүүгө аракеттенип жатат. Мына ушундай сөздөр жүрүп жатканын «Арнамыс» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Абдысапар Баялинов тастыктады. Ал эми «Менин өлкөм» партиясынын координаторлорунун бири Галина Куликова оңчул күчтөр биригүү максатында кеңешүү жүргүзүп жатканын билдирди:

- Расмий түрдө бул багыттагы партиялар менен сүйлөшүүлөр баштала элек. Бирок лидерлер ортосунда кеңешүүлөр жүрүп жатат. Бул жараян жайкы эс алуу аяктап, жаңы саясий сезон башталганда күчөйт болуш керек. Биз «Арнамыс», «Акыйкат жана прогресс», Социал-демократиялык партиялары менен биригүүбүз мүмкүн. Анткени биздин программаларыбызда, алдыбызга койгон максаттарыбызда чоң айырмачылык жок.

Бирок өлкөдө жаңы партиялардын түзүлүүсү да уланууда. Маселен, 24-марттагы ыңкылаптан кийин «Акыйкат», «Кут», «Кыргызстан элдик кыймылы» партиялары түзүлгөнү жарыяланды. Акыркы күнү болсо «Умай эне» партиясы түптөлгөнү кабарланды.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG