Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Жалалабат облустук бийлиги качкындарга кеткен чыгымды төлөп берүүнү суранууда


ЖАЛАЛАБАТ. Облустук бийликтин 3-августта өткөн кеңешмесинде 14-майдан 28-июлга чейин облустун аймагында убактылуу баш калкалаган өзбек бозгундарына көрсөткөн кызмат акыларды тактоо маселеси талкууланды. Бозгундарга Сузак районунун Карадарыя жана Ырыс айыл өкмөттөрүнөн жай ажыратылып, ички иштер жана чек ара аскерлери менен ички иштер, коопсуздук башкармалары менен облустук аскер комиссариаты бозгундардын коопсуздугун сактаган. Саламаттык сактоо мекемелери алардын ден соолугуна байкоо салып, ооругандарын дарылап, жугуштуу оорулардын алдын-алуучу иш-чараларды жүргүзгөн. Телеком кызматы байланыш менен, облустук чукул кырдаал башкармалыгы чатырлар менен жабдыган. Көрсөтүлгөн кызмат акылардын жалпы көлөмү 4 миллион сомго жетип, аны төлөп берүү өтүнүчү ал демилгени сунуш кылган БУУнун Качкындар боюнча башкы комиссарлыгына жиберилмей болду.

XS
SM
MD
LG