БИШКЕК. Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Мосвадагы мамлекеттик университетте окутуучу болуп иштеши ыктымал. Аталган окуу жайдын ректору Виктор Садовничий Аскар Акаевге ушундай сунуш менен кайрылгандыгы тууралуу 3-августта «АКИ пресс» маалымат агенттиги жазып чыкты. Анда маалымдалгандай, сентябрь айынан тарта Аскар Акаев ишке киришиши мүмкүн. Бул маалыматты ушул эле күнү «Азаттыкка» Аскар Акаевдин адвокаты Акин Токталиев да бышыктады.