Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:12

К.Байматова: “БШК төрагасы баш болуп отставкага кетсин”


БИШКЕК. “БШК төрагасы Туйгуналы Абдыраимов баш болгон комиссиянын бүткүл курамын кызматтан четтетүүсүн президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевден өтүнөбүз”- деп билдирди, 3-августтагы маалымат жыйынында экс-президенттин мүлкү боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Кымбат Байматова:

- Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдыраимовду баш кылып, бүтүндөй курамы менен кызматтан четтетүүнү Курманбек Салиевичтин өзүнөн суранаар элем. Бардык чатактардын башында Курманбек Осмонов турат десек, көрсө Абдыраимов экен. Эки карышкыр эки жактан кой кайтарып ушулардын кылганы экен.

Кымбат Байматованын айтымында, 31-июлда Куршаб шайлоо округунда өткөн шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөн. Байматова шайлоочулардын атынан акыйкатты, мыйзамдуулукту талап кылып Борбордук шайлоо комиссиясын жана анын төрагасы Туйгуналы Абдыраимовду сотко берерин билдирди.

БШКнын маалымат кызматынан “Куршаб окуругундагы талаш-тартыш туудурган үч участокто таза, акыйкат шайлоо өткөрүү максатында БШКнын 5 өкүлүнөн турган жумушчу топ байкоо жүргүзүп, калыс жыйынтыгын чыгарышкан. Аталган округдан келген даттануу арыздары комиссия тарабынан дыкат текшерилип, БШКнын кийники отурумунда жеңген депутаттын аты-жөнү аталат. Ал эми БШКнын үстүнөн сотко арыз жолдоо ар бир атуулдун Конституциялык укугу”, деп билдиришти

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG