Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:10

Депутаттыкка талапкер Мамат Орозбаев БШКга нааразы


БИШКЕК. 31-июлда Куршаб шайлоо округунун 3 участогунда кайра шайлоо өттү. Бирок бул ирет да шайлоону же Мамат Орозбаевдин утуп чыкканы же Адахан Мадумаровдун утуп чыкканы белгисиз болуп калды. Депутаттыкка талапкер Мамат Орозбаев 3-августта маалымат жыйынын өткөрүп, “мен 13-мартта эле утуп чыккам, бирок Борбордук шайлоо комиссиясы саясий чечим чыгарып, 8-апрелде Адахан Мадумаровду жеңүүчү деп жарыялап салды” деп билдирди:

- Абдураимовго кирип себебин түшүндүрүп берүүсүн өтүндүм. Ал айтты,”биз укуктуу чечим кабыл алган жокбуз, биз саясий чечим кабыл алдык. Себеби саясий тапшырма болуп, мен ошону аткардым. Кааласаңыз кайра шайлоону өткөрүп берем,- деди.

Мамат Орозбаевдын айтымында, 31-июлда өткөн шайлоодо вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров Шайлоо кодексине ылайык, кызматынан убактылуу кетүүнүн ордуна административдик ресурс колдонгон. Облустук администрация жана ички иштер башкармалыгы тарабынан Орозбаевдын шайлоочуларына кысым көрсөтүлгөн.

Ал эми Мадумаровдун шайлоо штабынын жетекчиси Алмаз Алиевдин билдиргенине караганда, шайлоо учурунда эч кандай административдик ресурс колдонулган эмес. Адахан Мадумаров ишенимдүү адамдарына шайлоодо админитсративдик ресурс колдонбоого, шайлоону мыйзамдын чегинде өткөрүүгө көрсөтмө берген. “Куршаб округундагы 3 участокто шайлоо мыйзамдын чегинде өттү. Мамат Орозбаевдин койгон дооматтары негизсиз” деп билдирди, Алмаз Алиев 3-августта “Азаттыкка”.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG