Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:11

ПОЛЬШАДА АНТИОРУСИЯЛЫК МААНАЙ КҮЧТҮҮБҮ?


Польша менен Орусиянын алакасы кайрадан бузула түшкөндөй болду. Москва Варшавада орусиялык дипломаттардын өспүрүм балдарынын токмок жеши Польшада антиорусиялык маанай күчтүү экенинин белгиси деп эсептейт. Расмий Варшава болсо, бул окуяга өкүнүч билдирүү менен анын саясатка эч байланышы жок экенин айтууда. Ал эми аналитиктердин пикиринде, мунун аркасында эки өлкө ортосундагы олуттуу пикир-келишпестиктер жатат.

Орусия менен Польшанын ортосундагы бул жолку кайым айтышууга жем таштаган окуя жекшемби күнү болгон эле. Орусиялык дипломаттардын үч өспүрүм баласы казакстандык курбалдашы менен бирге Варшавадагы парктардын биринде поляк скинехеддеринин тобунан таяк жеген. Кабарларга караганда, алар антиорусиялык ураандарды айтып жүрүшкөн экен.

Орус президенти ушул дүйшөмбү күнү өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуу учурунда бул окуяны достуктун белгиси эмес деп атады:

- Тышкы иштер министрлиги жана президенттик администрация поляк бийликтери бул достук эмес жана кылмыш деп мүнөздөөгө гана боло турган аракетке адекваттуу жооп берүү үчүн эмне кылып жатканын түшүнүү максатында, польшалык кесиптештер менен байланышууңуздарды өтүнөм.

Орусиядан ошондой эле Польша бул окуя үчүн кечирим суроосу керек деген чакырыктар да айтылган болчу. Орусиялык өспүрүмдөрдүн токмок жеп калышына поляк бийликтери да өкүнүч билдирди. Бирок алар мунун саясатка эч тиешеси жок, жөн гана катардагы кылмыш жана кечирим суроо жөнүндөгү кептер ашепке экенин билдиришти.

Саясий технологиялар боюнча Москвадагы борбордун эксперти Борис Макаренко Орусиянын мындай катаал турумду кармануусуна кандайдыр бир негиз бар деп эсептейт:

- Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө караганда, ал скинехеддер уруш болгон жерден микроавтобус менен кетишкен. Мен микроавтобус менен саякаттап жүргөн хулигандарды аз эле билем.

Орусиялык өспүрүмдөргө кол салгандарды атайы күтүп турган микроавтобус алып кетти деген маалыматты башка көз карандысыз булактар тарабынан ырастоо мүмкүн болгон жок. Айтор жогорудагы жагдайды эске албаганда да аналитиктер Польшадагы антиорусиялык маанай жаңы көрүнүш эмес экенин айтышат. Саясий технологиялар боюнча Москвадагы борбордун эксперти Борис Макаренко белгилегендей, бул эски таарынычтар менен байланыштуу:

- Польшанын Москвадагы элчиси Орусиянын тышкы иштер министрлигине чакырылганда төгүндөгөнү менен антиорусиялык маанай бул өлкөдө 200 жылдан бери өкүм сүрүүдө. Мунун төркүнү эмнеде жатканы түшүнүктүү. Мен Орусияны 18-кылымда Польшаны үчкө бөлгөнү жана башка көп иштери үчүн актагым келбейт. Бирок антиорусиялык маанай соңку он жылдыкта мезгил -мезгили менен ачыкка чыгып келди, буга мисалдар көп.

Ал эми польшалык эксперт Якуб Боратынскинин айтымында, Польша Евробиримдик менен НАТОго кирип, поляктар өзүн мурдагыдан коопсуз сезе баштагандан бери антиорусиялык маанай бир топко басаңдады. Бирок ал ошол эле учурда поляктардын көпчүлүгү Орусияга шектенүүчүлүк менен карарын да жокко чыгарбайт. Боратынскинин пикиринде, орусиялык саясатчылардын көпчүлүгү Польшанын НАТО менен Евробиримдикке кошулушун кубаттаган эмес. Кремль Польшанын чөлкөмдө демократияны жайылтууга тартылуусун анын таасирин чектөө катары көрөт. Андыктан Москва Варшавада орус өспүрүмдөрүнүн токмок жешин Польшанын региондогу жалпы саясатына канаатанбаганын көргөзүү үчүн колдонууда:

- Биз жабык маанайдагы гана инцидент деп эсептеген окуя чынында таң калыштуу реакцияны жаратты. Анткен менен албетте поляк-орус алакаларынын азыркы контекстине көз чаптырсак, бул түшүнүктүү болот.

Польшалык эксперт Якоб Боратынски кошумчалагандай, Орусиянын катаал реакциясы Польша менен Беларусиянын мамилеси чыңалган учурга да туш келгени бекеринен эмес. Эки өлкө өз ара дипломаттарды чыгаруу менен алмашкан соң Польша өткөн аптада Минскидеги элчисин чакыртып алды. Беларус президенти Александр Лукашенко Варшаваны Беларусиядагы поляк жамаатын аны бийликтен кулатууга жардам берүүчү күч катары пайдалагны үчүн айыптоодо.

Эксперт Боратынскинин пикиринде, Польшаны антиорусиялык маанайга чулганган өлкө катары көргөзүү менен Кремль беларус президенти Александр Лукашенконун куралы болууда. Лукашенко эми Варшаванын Беларусиядагы поляк азчылыгынын укугун урматтоо жөнүндөгү талабын оңой эле четке кага алат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG