Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:06

ИРАНДА ПРЕЗИДЕНТ АЛМАШТЫ


8-августта Ирандын президенти Мохаммад Хатаминин бийлик укуктары аяктап, ушул күндөн тарта өлкөнүн жаңы жетекчиси болуп жакында шайланган Махмуд Ахмадинежад таанылат. 1997-жылы реформатор жетекчи аталып, аялдар менен жаштардын укуктарын кеңейтүүнү убада кылып, президенттикке шайланган Хатами ал максатына жете алдыбы? Айрым байкоочулар Хатаминин бийлиги астында Иран коомунда айрым эркиндиктер пайда болду дешсе, башкалары экс-президент катаал консерваторлордун кысымына туруштук бере алган жок деген пикирде.

Өткөн аптада Мохамад Хатами өзү 8 жылдык бийлиги тушунда Иран элине каршылык билдирүү укугун алып бергенин эң башкы жетишкендиги атады. Ошондой эле ал президенттик кызматы тушунда эң жагымдуу учурларды журналисттер менен өткөргөнүн белгиледи.

- Мен үчүн эң жагымдуу эскерүүлөр дал силерге байланыштуу болот. Силер менен урушуп-талашып кеткен учурларда эң ачуу күндөрдү өткөрдүм, кээ бирде силердин сыныңар адилет айтылганын моюнга алам. Бирок ошондой убактар да мен үчүн өтө кымбат болуп калды. Силердин араңарда болуп, суроолоруңарга жооп берген учурларым эң жагымдуу эскерүүлөр болмокчу, - деп Хатами кабарчылар менен коштошоюн деп жатканда бир журналист: «8 жыл ичинде эч кимге көргөзбөй ыйлаган күндөрүңүз болдубу?» – деп сурады эле, Хатами ага буйдалбастан: «Абдан көп ыйладым, көпчүлүгү түнкүсүн», - деп күлкү аралаш жооп берди.

Ирандын 62 жаштагы, жылдыздуу бешенеси менен элди өзүнө тарта алган экс-президенти жаңыдан бийликке келгенде өлкөдө ислам демократиясын орнотом деп баштаган эле. Бирок азыр эми Хатами өз максатына жете алды деп айтыш кыйын, анын бийлиги тушунда соттор 100дөн ашык гезитти жапты, өкмөттү сындаган макалалары үчүн журналисттер соттолду, алардан башка дагы жүздөгөн интеллигенттер, укук коргоочу, атүгүл активдүү студенттер да ушу тапта темир тор артында.

Андан улам Тегерандагы адам укуктарын коргоо борборунун өкүлү Мохаммад Али Дадхах Хатами өз бийлигин консерваторлорго каршы пайдалана алган жок деген пикирде:

- Көпчүлүк учурларда ал өзүнүн демократия жөнүндөгү башкы ураанын аткара алган жок. Ага мисал катары соңку президенттик шайлоодон эле эл ишенген 1000ден ашуун талапкер чыгарылып таштаганын айтсак болот. Көзөмөлдөө кеңеши анын себебин негиздей алган жок. Ошондой чечимге реформатор активисттер нааразычылык билдирип чыкканда, Хатами эмне үчүн аларга кошулган жок?


Бирок Ирандын мурдагы депутаты, журналист Жавади Хессар соңку жылдардагы кээ бир жетишкендиктерди көз жаздымда калтыруу мүмкүн эмес деп эсептейт.

- Хатаминин тушунда да саясий туткундар болду. Бирок алардын кайсыл жерде отурганы маалым. Хатамиге чейин адамдар кайсыл жерге камалганы айтылчу эмес, туугандары аларга кездеше албай турган. Соңку жылдары абал өзгөрдү, өкмөттөгүлөр эл менен аз да болсо эсептеше баштады. Хатами баштаган реформалар жемишин келечекте берет.


Чет элдик байкоочулар Хатами Иранды Европага ачып бергенин, бул багытта жана АКШ менен чыңалган мамилелерди түзөтүү максатында кыйла дипломатиялык аракеттер жасаганын айтып жатышат. Хатами өзү сунуш кылган «Цивилизациялар ортосундагы диалог» идеясын эми бейөкмөт уюм аркылуу өнүктүрөөрүн билдирди.

Анын ордун баскан Ирандын жаңы президенти Махмуд Ахмадинежад катаал консерватор аталса да, эксперттердин айтымында, соңку жылдары жетишилген айрым жылыштардан эми артка тартуу дээрлик мүмкүн эмес.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG