Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Мунапыс уюму Өзбекстанды өлүм жазасын токтотууга чакырды


Эл аралык мунапыс уюму президент Ислам Каримовдон Өзбекстанда өлүм жазасын колдонууну тез токтотууга чакырды. Дүйшөмбү күнү Ислам Каримов өлүм жазасын колдонууну 2008-жылдын 1-январынан токтотуу жөнүндө жарлык чыгарган эле. Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан укук коргоочу уюм өзбек бийликтеринен өлүм жазасына тартылган жана өкүмдү күтүп жаткан адамдардын тизмесин жарыялоону да талап кылды. Президент Каримовдун сөзүнчө, бир жылда катаал жазага тартылган адамдардын саны алтымыштан төмөндөгөн. Эл аралык укук коргоочулар андан эки эсе көп санды айтышат.

XS
SM
MD
LG