Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:26

КЫТАЙДЫН ФЛОТУ ЧЫҢДАЛУУДА


АКШ коргоо министрлигинин соңку отчетторунун биринде айтылган маалыматтарга караганда, Кытай өзү жайгашкан чөлкөмдүн деңиз державасына айланууну да көздөөдө. Мунун төркүнү эмнеде жатат?

Кытайда экономиканын жыл сайын орто эсеп менен 9%га өсүп, чет элдик валюта корунун кеңейиши менен өлкөнүн мунайга жана чийки заттарга, өзгөчө металлга болгон керектөөсү да көбөйдү. "Алыскы Чыгыштын экономикасына баяндама" деген аталышта өткөн айда жарыяланган иликтөөгө караганда, Кытайдын энергияга болгон муктаждыгы да соңку эки жылда жылына 15%дан, ал эми мунайга болгон муктаждык жылына 30%дан көбөйгөн. Кытай азыр дүйнөнүн энергияны эң көп керектеген экинчи өлкөсү же глобалдык керектөөнүн 12%на ээлик кылат. Ал эми мунай сатып алуу жагынан Кытай дүйнөдө үчүнчү орунда. Орусия менен Казакстандын Кытайды көздөй жаңы мунай куурлары мына ушул жүйөөдөн улам төшөлүүдө.

Анткен менен Кытайдын мунай импортунун басымдуу бөлүгү деңиз аркылуу келет. Пекин соңку жылдары мунай ташууда жалгыз жолго көз карандылыктан кутулуунун үстүнөн иштөөдө. Бирок азыр деле деңиз аркылуу ташылган мунайдын 80%ы Индонезия менен Малазияны бөлүп турган Малакка кысыгы менен өтүүгө аргасыз. Ушундан уламбы Кытай президенти Ху Цзиньтао 2003-жылы өлкө чек арадан алыс чыгууга жөндөмдүү флотко муктаж экенин ишара кылган эле. Ал эми өлкөнүн айрым аскерий лидерлеринин Кытай келечекте "океанга чыгышы керек" деген билдирүүлөрү болсо мындан дээрлик бир кылым илгери империалисттик деп эсептелген өлкөлөрдүн мамлекеттик ишмерлери, аскерий жетекчилери менен публицисттеринин сөздөрү жана каттарын эске салбайт койбойт.

Айтор Пентагондун ырастоосунда, Кытай туруктуулук менен өзүнүн бир бөлүгү деп санаган Тайвандан чек арасынан алыс кетип, чөлкөмдүн башка дөө-шаалары менен деңизде атаандаша ала турган флот түзүүнү көздөдө. Мындай флоттун биринчи максаты - Кытайдын мунай менен чийки затка улам көбөйүп бара жаткан муктаждыгын камсыздоо. Анткен менен Пекиндин узак мөөнөткө эсептелген экинчи максаты, өзүн чөлкөмдөгү олуттуу деңиз күчүнө айлантуу, атүгүл Тынч окенда АКШга атаандаштык кылып, акыр аягында Чыгыш Азияда, деңизде америкалыктарды алмаштыруу болушу мүмкүн.

Эгер тарыхка көз чаптырсак, Кытай азыркы флотун 1870-жылдары өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө деңизден башка өлкөлөр коркунуч туудура баштаганда курууга киришкен. Кемелер менен жабдуулар чет өлкөдөн негизинен Британия менен Германиядан сатылып алынган эле. Бирок анда флот начар каржылангандыктан, тархый булактарда жазылып жүргөндөй, снаряд менен дүрмөтсүз да калып калган учурлар болгон экен. Ал эми Кытайдын Азиянын сууларында жылдызы жанган учуру андан дээрлик төрт кылым ашуун артка, 1405- 33 жылдарга туура келет. Анда адмирал, дини боюнча мусулман Зенг Хенин жетекчилиги астында, Кытайдын кемелери азыркы Индоезия, Шри Ланканын жээктерине, Перси булуңуна, Чыгыш Африкага жеткен. Ал турсун Австралияга чейин барган, Американы Христофор Колумб эмес, Зенг Хе ачкан деген да жоромолдор бар.

Кандай болгон күндө да Пекиндин азыркы башкаруучулары, адмирал Зенгди кайрадан Кытайдын улуттук жүзү катары алып чыгышууда. Анын деңиздеги биринчи сапарынын 580 жылдыгы 1985-жылы белгиленген. Бул мааракенин 600 жылдыгы чоң салтанат менен быйыл да майрамдалмакчы. Кытайдын флоту кеңейип жатканын эске алганда, расмий Пекиндин адмирал Зенгди кытай мурасынын маанилүү бөлүгү катары көргөзүшү, балким, актуалдуулугун жоготпосо керек.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG