Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:26

БАРСКООНДУКТАРДЫН ТАЛАБЫН АТКАРУУГА ӨКМӨТКӨ БИР АЙ УБАКЫТ БЕРИЛДИ


8 күн «Кумтөр» алтын кенине өтчү жолду тосуп турган Жетиөгүз районунун беш айылынын тургундары 3-августта өкмөттүк комиссия мүчөлөрү менен жолугушкан соң канжолду тосууну токтотушту. Өкмөттүк комиссия беш айыл эли койгон талаптарды аткарууга бир айлык убакыт сурады. Нааразы эл эгер талаптары аткарылбаса бир айдан соң таасир көрсөтүүнүн башкача жолдоруна өтүшөрүн айтышып, тарап кетишти.

Барскоон капчыгайын тең бөлүп аккан суунун аркы-берки өйүзүнө созулган чоң жолдун боюнда чогулган 500 чамалуу элдин алдында өкмөттүк комиссия мүчөлөрүнүн дээрлик баары жергиликтүү калктын 9 талабын толук аткарышка бир ай убакыт берүүнү өтүнүштү. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу Жаныш Рүстөмбеков барскоондуктардын талабы туура экенин айтты. Жаңы бийлик элдин талабын сөзсүз эске аларын билдирди. Өкмөттүк комиссия алтын кен компаниясы менен бирдикте келтирилген зыяндын ордун толтуруп бере тургандыгын, ал үчүн убакыт керектигин айтты.

Өлкөсү өзгөчө үмүт арткан «Кыргызалтын» мамлекеттик концернинин президенти Алмазбек Жакыпов мурдагы кирешелүү ишкананын ушу тапта айласы куруп, экономикалык кысталыш кырдаалда калганын маалымдап, ушу тапта дурус иштеп аткан «Кумтөр» алтын кенинин ишин токтотпой, компанияга мүмкүнчүлүк берүүнү өтүндү. А. Жакыпов мурда капчыгында 11 миллион доллар бош акчасы бар ишкана бүгүн ошончо акча карыз болуп отурат деди. Анын ырасташынча, «Кумтөр» алтын кени боюнча башкы келишим башында эле туура эмес түзүлгөн.

«Кумтөр Оперейтинг Компанинин» президенти Эндрю Люис соңку жылдары компаниянын жергиликтүү эл менен карым-катышы кыйла солгундап кеткенин моюнга алып, мындан ары алдагыдай кенемтени жоюу аракетин жасай тургандыгын билдирди:

- Бул жерде «Кумтөр» алтын кенин жабыш керек деген сөз айтылды. Ошондой эле алтын кенге иштөөгө бул жерде жашаган адамдардан көбүрөөк адамдарды алуу керек деген сунуш түштү. Буга жооп кылып компаниянын мындан аркы саясаты жергиликтүү элден жумушка көбүрөөк тартуу экенин айта кетким келет. Мен кийинки 12 ай ичинде жергиликтүү элден канча киши жумушка алынганын карап чыктым. Ишке кабыл алынгандардын арасында Ысыккөл облусунан 60% экен. Эми биз кадр саясатын өзгөртүп, кесиптик камылгасы жетиштүүлөрдүн арасынан Көл кылаасынан 90%га чейин, жергиликтүү элден 70%га чейин ишке кабыл алабыз. Туура, бизден да ката кеткен экен, жергиликтүү элден, көлдүктөрдөн ишке эми арбын ала баштадык. Бир ай мурда Кумтөр алтын кен компаниясынын директорлор кеңеши өз жыйынында жергиликтүү элге билим, медицина, айыл чарбасы жагынан көмөк көрсөтүүчү программаларга каражатты арбын бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Сиздердин абалды биз билебиз, ишенип коюңуздар, колдон келген жардамды биз берүүгө даярбыз. Өткөн жумада компания жетекчилиги жол ачылса бардык проблемаларды ийри отуруп, түз кеңешүүгө даяр экенин билдирген. Проблемалар бул жерде айтылгандардан кыйла көп жана терең экенин биз жакшы билебиз.

Ысыккөл облусунун жетекчиси Эсенгул Өмүралиев жеке ишкерликке колдоо көрсөтүү амалында 7,5 миллион сом кредит бөлүнүп жаткандыгын, анын 5 миллионун облус, калганын алтын кен компаниясы чыгарып, өкмөттүк комиссиянын алдында жумушчу топторду түзүү зарылдыгын белгиледи. Губернатордун айтымында, материалдык моралдык зыяндардын ордун толтуруп берүү маселеси кылдат иликтенип чыгат. Кырсыктан зыян тарткандардын тизмесине башка айылдардан, мисалы, Саруу айылынан да адамдар кирип калыптыр, деп маалымдады Э. Өмүралиев.

Өкмөттүк комиссиянын жетекчиси, 1-вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Медетбек Керимкулов элдин талабын жаңы өкмөт колдой турганын, комиссия менен бирдикте жумушчу топтун мүчөлөрү иштешерин билдирди.

Комиссиянын ишине бейөкмөт уюм өкүлдөрү, «Кумтөр» алтын кен компаниясынын жетекчилиги, өкмөт мүчөлөрү катышууда. 7 жылдан бери чечилбей келаткан маселени жаңы өкмөт аягына чыгара алабы? Барскоон, Тамга, Тосор, Кичижаргылчак, Чоңжаргылчак айылдарынан келген жергиликтүү элдин пикири кандай. Барскоондук Сагындык Майтыков, Кичижаргылчак айылынан келген Бурулуш Жаманакова, «Алтын тамыр» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Догдурбек Атагелдиев, Барскоон айылдык оорукананын дарыгери Бактыгүл Иманкожоева өкмөттүк комиссиянын ишинин жыйынтыгы чыкканча нааразылык чараларын убактылуу токтотуп, эгер талаптары аткарылбаса алтын кен чыккан жерге чейин жөө жүрүш уюштурушарын билдиришти.

Мындан 7 жыл илгери 20-майда болуп өткөн кырсыктын социалдык-экологиялык салакасы терең иликтенбей, ойдо жок жерден оңбогондой оор жагдайга кабылган жергиликтүү элдин арызы кыйла жылдар бийликтин баамынын сыртында калып, чатактуу иш басты-басты кылынган. Бийлик алмашып, элдин үнү өктөм угула баштаган чакта Барскоон маселеси кайрадан калкып чыкты. Жаңы өкмөт аны чечүүгө бир ай убакыт сурады.

Буга кошумча, жакындан бери маалымдоо каражаттарында «Кумтөр» алтын кени компаниясынын Кыргызстанга тиешелүү акцияларынын «Центерра Гольд» компаниясына сатылыш маселесин экен-токон козголо баштады. Эндрю Люис бул маселени өкмөт менен талкуулай турганын Барскоон капчыгайындагы жыйында билдирди. Иши кылып алтын маселеси дагы кыйлага жергиликтүү эл менен өкмөттүн, алтын кен компаниясынын ортосунда талашка айланчудай болуп калды.
XS
SM
MD
LG