Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:22

Кооз табияты, тарыхый мурастары, кен байлыктары, түркүн мөмө-жемиштери менен байыртадан даңазаланып келген Фергана өрөөнү акыркы жылдарда башка өңүттөн, чыр-чатактардын, чуулган окуялардын очогу катары белгилүү боло баштады. Алардын эң соңкусу калабалуу Анжиян окуясы болду. Эл жыш жайгашкан бул өрөөндө чынында эле чек ара жана социалдык маселелерге байланышкан көйгөйлөр арбын. Калк жакырчылыктын сазына тартылып барат. Борбор Азиянын үч өлкөсүнүн чек аралары тогошкон өрөөндө жер-суу талаштарынан улам улуттар аралык пикир келишпестиктер да тез-тез чыгып турат. Ушул жагдайлар өрөөнгө эл аралык коомчулуктун көнүлүн бурдуруп, бул арада эл аралык маалымат каражаттары да өзгөчө назар сала баштады. Катар өлкөсүндөгү белгилүү «Аль Жазира» телекомпаниясынын чыгармачыл тобу да өрөөндү түрө кыдырып, атайын көрсөтүүлөрдү даярдоодо. Аталган телекомпаниянын КМШдагы кабарчысы Амро Абдел Хамид Баткен облусунда болгон учурда аймактагы кабарчыбыз сөзгө тартты.

- Амро мырза, телебаяндарда кайсы маселелер камтылат?

- Биз даярдап жаткан телебаяндар негизинен Фергана өрөөнүндөгү маселелер тууралуу болмокчу. Чынында өрөөндө көйгөйлүү маселелер абдан арбын экен. Ошолорду камтыганга аракет кылып жатабыз. Ал эми Анжиян окуясы тасмада алдыңкы орунду ээлемекчи.

- Сиздин байкашыңызча, өрөөндө кайсы маселелер орчундуу экен?

- Менимче негизгиси социалдык жана экономикалык проблемалар, эмне үчүн дегенде эл аябай начар жашашат, ошол эле учурда Фергана өрөөнү көптөгөн ресурстарга бай экен. Ошондуктанбы, чоң державалар бул өрөөнгө кызыгуусун артууда. Андан сырткары ар кандай экстремиссттик топтордун да «көз жоосун алууда». Мына ушулардын баарын изилдеп чыккандан кийин Фергана өрөөнү тууралуу атайын көрсөтүү даярдоону чечтик.

- Кайсыл жерлерде болдуңуз жана кыйынчылыктар болбодубу?

- Алгач Өзбекстанда болдук. Азыр Кыргызстанда, эми Тажикстанга сапар алабыз. Өзбекстандагы бюрократизм, бийликтегилердин басмырлоосу бизге көптөгөн тоскоолдуктарды туудурду. Ташкенде бизге жок дегенде убактылуу аккредитация да беришкен жок. Кыскасы Өзбекстанда ишибиз таптакыр жүрүшпөдү. Мен өзбек бийлигинин баш тартуусу чоң катачылык деп ойлойм. Эми ошонун кесепетинен биздин материалдарда өзбек тараптын ой-пикири жок болуп калды. Менимче, өзбек чиновниктери мындай ишке атайын барып жатышса керек.

- Кыргызстан кандай кабыл алды?

- Кыргызстанда бийлик да, коомчулук да ММКга абдан жакшы мамиледе экени мени аябай таң калтырды. Кыргызстанга алгач ирет келип олтурам, бул жерде менден эч ким эч нерсе талап кылган жок, тескерисинче баары интервью беришке дилгир экенин көрсөтө алышты. Бекеринен сиздердин өлкөңүздөрдү «демократия аралы» дебейт экен да.

- Анда силердин алдыдагы телекөрсөтүүлөрдө Кыргызстан темасы да орун алса керек?

- Албетте. Мен жакынкы күндөрү «Үч ыңкылапта ММКлардын ролу» деген көрсөтүүнүн үстүндө иштей баштайм. Бул тасмада Грузиядагы, Украинадагы жана Кыргызстандагы болгон ынкылаптар чагылдырылмакчы. Андан башка уйгурлар туурасында тасма тартканы жатам.

-Маегиңиз үчүн чоң рахмат, ишиңизге ийгилик!
XS
SM
MD
LG