Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:44

КЫРГЫЗ БИЙЛИГИ КАЛГАН КАЧКЫНДАРДЫ ДА ҮЧҮНЧҮ ӨЛКӨГӨ ӨТКӨРҮП БЕРҮҮГӨ ДАЯР


Бакыт Аманбаев, Бишкек Соңку күндөрү эл аралык жана жергиликтүү укук коргоочу уюмдар өзбекстандык он беш качкындын тагдырына тынчсызданып келет. Буга чейин Кыргызстандын Башкы прокурору Азимбек Бекназаров он беш атуулду үчүнчү өлкөгө эмес, Өзбекстанга өткөрүп бере тургандыгын айтып келген. Башкы прокурор «Азаттык» радиосунун кабарчысына 4-августта берген маегинде эгерде кандайдыр бир өлкө он беш атуулга качкын макамын бере турган болсо, кыргыз бийлиги бул атуулдарды Өзбекстанга эмес, үчүнчү өлкөгө өткөрүп бере тургандыгын маалымдады.

- Азимбек мырза, өзбекстандык он беш качкындын тагдыры кандай чечилип жатат?

- Бүгүн бир дагы өлкө бул он беш кишини албай жатат. Мындай учурда биз аларды Өзбекстанга кайтарып беребиз. Башка бизде жол жок. Же башка бир үчүнчү өлкө качкын деген макам берсе, ошол өлкөгө өткөрөбүз.

- Дагы бир маселени тактап кетсеңиз. Буга чейин збекстандык 439 өзбек атуулуна качкын макамы берилгендиги үчүн Румынияга чыгарылып кеттиби, дегеле ушул иш чара кандайча ишке ашты.

- Буга чейин БУУнун биз аларды кепилдикке алабыз деген сертификаты үчүн эле биз аларды бергенбиз. Биз аларды башка бир өлкө качкын деген статус берип алмайынча, биз аларды чыгара албайбыз. Мыйзам боюнча үчүнчү өлкө аларды толук мойнуна алып алып чыгып кетиш керек. Ошондо биз Өзбекстанга «силердин жарандарды үчүнчү өлкө алып кетти, мындан кийин ошол өлкө менен мамиле кылгыла, биз аларды өткөрүп бердик» деп, качкындарды өткөрүп беребиз.

- Азимбек мырза, сөзүңүзгө аралжы, учурда Ошто кармалып турган он беш качкындын маселеси боюнча кандай аракеттер жүргүзүлүүдө?

- Учурда БУУнун өкүлчүлүгү иштеп жатат. Мындан сырткары бизге АКШнын Кыргызстандагы элчиси келди. Алар биз бул маселени жакында чечебиз деп Европа өлкөлөрүнө кетишти. Ошого чейин Өзбекстанга бербей тур дешти. Мен макул болдум. Эгерде бир да өлкө мойнуна албаса, биз бул качкындарды түрмөдөн чыгарып, саясий чечим ала албайбыз. Менин андай укугум жок. Мен Качкындар боюнча эл аралык конвенцияны буза албайм. Анткени анда качып келген киши мурда кылмыш жасагандыгы такталса, башка өлкөгө өткөрүлбөйт деп так жазылган. Мен ошону туу тутуп кармап турам. Эгерде башка өлкө алардын кылмыш кылгандыгына карабай, аларды алабыз десе, ошондо гана биз аларды үчүнчү өлкөгө өткөрүп беребиз.

- Бул маселени чечүү канча убактты талап кылат?

- Аны мен айта албайм. Ар бир өлкө өзү чечет. Алар он күнгө чейин кармап тур, чечебиз деди. Мен макул болдум.
XS
SM
MD
LG