Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:10

АМЕРИКАЛЫК КОСМОС ЧӨЛМӨГҮ ОРБИТАДА ОҢДОЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага 26-июлда космоско учурулуп, Эл аралык станцияга жалгашкан америкалык чөлмөктүн астронавттары ачык космоско чыгып, чөлмөктүн сыртын оңдоо аракеттерин да көрүүдө.

АКШнын төрт космостук чөлмөк кемеси бар болчу - "Атлантис", "Дискавери", "Коламбия" жана "Чэлленжер". Алар космоско ракетанын жардамы менен учурулуп, кийин учак сыяктуу Жерге келип коно алат. Орусиялык жана башка мамлекеттердин космонавттары ракетанын ичиндеги атайын бөлүктө отурат жана Жерге кайтып келгенде, ошол кабина парашют менен түшөт. Чөлмөк болсо көп жолу кайра пайдаланыла ала тургандыктан, ага корогон жалпы чыгым ар бир учурууда жаңы кеме колдонгонго караганда төмөн болот деп эсептелинген, бирок жыл өткөн сайын чөлмөктөр эскиргендиктен, акыркы мезгилде проблемалар чыгууда. СССР дагы өз учурунда "Буран" деп аталган бир чөлмөк кеме курган, бирок ал космоско бир гана жолу сыноо катары учуп чыгып, кийин пайдаланылган эмес.

Америкалыктардын "Чэлленжер" чөлмөгү 1986-жылдын 28-январында учуруу учурунда кыйраган, анын ичиндеги жети астронавттын баары өлгөн. "Коламбия" болсо 2003-жылдын 1-февралында Жерге кайтып келатканда кыйрады, анын ичиндеги жети астронавт дагы баары курман болду жана кыйроонун себебин эксперттер - учуруу учурунда чөлмөктүн капталындагы керамика бузулган деп аныктаган.

Космос чөлмөгү Жерге кайтып, атмосферага киргенде аябай ысыйт жана кеме эрип кетпес үчүн, анын капталдары керамика менен чапталат, кеме учурулганда ал керамиканын бир жери бузулуп калгандыктан, "Коламбияда" өрт чыккан. Азыркы "Дискавери" чөлмөгү 26-июлда учурулганда дагы, тартылып алынган видеотасмалар көрсөткөндөй, бир нерсе кемеден ажырап кетип, анын капталына тийгендей болгон. Ошондуктан чөлмөк эл аралык космос станциясына жалгашкандан кийин анын астронавттары кеменин капталын оңдоого аракеттенди.

Ал үчүн Стивен Робинсон деген астронавт 3-августта ачык космоско атайын чыгып, алты саат иштеди. Бөлүнүп кеткен нерсе чөлмөктүн өзүнөн эмес, ракета же башка бир аспаптардан чыккан сыяктуу, анткени "Дискаверинин" капталындагы керамиканын баары бүтүн болуп чыкты. Анткен менен керамика бөлүктөрүнүн ортосун толтурган зат чапталган эки жер зыянга учураганы аныкталды жана Жердеги башкаруу борборунун видеокөзөмөлү алдында Робинсон ал жерлерди оңдоду.

Вашингтон университетинин космос маселелери боюнча эксперти Генри Херцфелддин айтымында, космосто майда проблема болбойт. Майда көрүнгөн нерселерден орчундуу маселе чыгышы мүмкүн, ошондуктан "Коламбиянын" кыйрашынан кийин америкалык адистер ар бир майда нерсеге көңүл бур баштады:

- Шектүү бир нерсе байкалса, ал канчалык майда болсо дагы, эч ким азыр аны көңүлгө татыбаган нерсе деп бурулуп кетпейт. Ошондуктан, оңдоло турган нерсе болсо, алар ага бардык күчүн жумшап оңдойт. Эң кичинекей катадан чоң зыян чыгышы мүмкүн. Ал керамика менен анын алдына төшөлгөн заттар өтө жеңил жана морт.

Анын айтымында, "Дискавери" чөлмөгүнүн космоско учурулушу өзү сыноо болду, анткени "Коламбия" кыйрагандан кийин андай кырсыктын башка кайталанбашы үчүн адистер эки жарым жыл иштеди жана анын жыйынтыгын эми ушул космос саякаты көрсөтөт:

- Бул сынак учуруу. Анын жыйынтыгында мурда болгон маселелер кантип чечилгени көрүнөт. Бул жаңы проблема эмес. Керамика менен мурда деле бир топ маселе чыккан, бирок алар кырсыкка алып келген эмес.

Жети астронавты бар "Дискавери" чөлмөгү Жерге 8-августта кайтып келүүгө тийиш.
XS
SM
MD
LG