Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:36

Соңку күндөр Ирактагы америкалык аскерлер үчүн ири жоготууларды алып келди. Шаршембиде өлкөнүн батыш тарабында 14 деңиз аскери котормочусу менен машинеде баратып, жолдогу бомбага жарылып жан беришти. Андан мурунку күнү ушул эле чөлкөмдөгү кагылышууларда АКШнын алты аскери курман болгон. Өткөн жумада Евфрат өрөөнүндөгү уруштарда жантаслим болгон 23 жоокерди кошкондо, 24-июлдан бери Иракта АКШнын 44 аскери набыт кетти.

Деңиз аскерлери – АКШ армиясындагы ак сөөк, эң мыкты даярдыктагы бөлүк саналгандыктан, соңку күндөрү дал ушул бөлүктөр туш болгон жоготуулар Ирактагы операциялардын жалпы сапатынан күмөн санатты. Шаршембиде 14 деңиз аскеринин өмүрүн алган жардыруу Хадита калаасында орун алды. Сириянын чек арасына жакын жердеги бул калаа – козголоңчулардын Иракка курал-жарак, акча жана башка техника алып өтүү жолунун жетитоомунда жайгашкан. Дүйшөмбүдө дал ушул аймакта дагы алты снайпер окко учуп өлгөн.


Лондондогу Жакынкы Чыгышты изилдөө программасынын изилдөөчүсү Жонатан Линдлей Хадитадагы окуялар – козголоңчулардын кээ бир чабуулдары максатына жетип жатканынан кабар берет деген пикирде:

- Жалпылап алганда, албетте, айрым кол салуулар натыйжалуу болбой койбойт. Саясий жактан алганда, мындай маалыматтар ыңгайсыз маанайда кабыл алынат, бирок алар жалпы Ирактын саясатына, же АКШга таасир эте албайт.


«Жэйнс Сентинел» иликтөө борборунун эксперти Жереми Бинние чабуулдар Ирактагы кырдаалды өзгөртө албайт деген пикирге кошулат:

- Козголоңчулардын көз карашынан алганда, чабуулдар америкалыктарга олуттуу зыян келтирди. Алар деңиз аскерлеринин жетиштүү корголбогон унааларына кол салганды өздөштүрүп алышты.


Айткандай эле, АКШнын деңиз аскерлери алардын машинелери кемелерден түшүрүүгө ылайыкташтырылып күмүштөй болуп күнгө чагылышкан темирден жасалгандыктан, Ирактагы козголоңчулар аларды алыстан жазбай таанырын айтып арызданып келатышат. Шаршембиде Пентагондо өткөн маалымат жыйынында АКШ армиясынын генералы Картер Хэм Иракта окко учуп өлгөн көзгө атар снайперлер жөнүндөгү кабарды комментарийлеп, алар адатта башка ири аскердик бөлүктөрдөн алыс жерлерде чакан топко бөлүнүп жүргөндүктөн, убагында жардам ала алган эмес деп белгиледи.

«Ассошиэйтед пресс» кабар агенттигинин эсеби боюнча, 2003-жылдын март айында башталган Ирактагы аскердик операциялар маалында АКШнын 1821 аскери курман болду.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG