Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:17

Ошто “Март ыңкылабы” коомдук бирикмеси түзүлдү


ОШ. Аталган коомдук бирикменин аткаруучу деректири Мурзабек Акматбаев уюмду түзүүнүн зарылдыгын элдик ыңкылапты ишке ашыруудагы жетишкендиктерин сактап калуу менен байланыштырды. Мурзабек Акматбаевдин сөзүнө караганда, коомдук бирикме учурда коррупциялашкан жетекчилердин дагы деле мамлекеттик бийликте олтурушуна, арты таза эмес адамдардын бийликке умтулушуна каршы жана март айында көтөрүлүп чыккан карапайым адамдардын турмуш деңгээлин оңдоодогу тилек-үмүттөрүнүн ишке ашуусуна көмөктөшүү максатында түзүлгөн. “Биз Акаев режимин кулаткан карапайым журтчулуктун өкүлдөрү азыркы бийлик дагы бизди алдап кетишине жол бербөө максатында баш кошуудабыз жана аягына чейин карапайым журтчулуктун кызыкчылыктарын коргоого милдеттүүбүз. Биздин күрөш элдик иштерге, элдин казынасын аңдыгандарга, улуттун келечегине карата тескери иштегендерге каршы багытталат” деп айтылат, коомдук бирикменин коомчулукка кайрылуусунда. Учурда аталган коомдук бирикменин 1238 мүчөсү бар. Апардын көпчүлүгү 2005-жылдын 9-мартынан 24нө чейинки Акаевди бийликтен кетирүү боюнча нааразылык акциясынын катышуучулары.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG