Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:44

«Кумтор Голд компани» ишканасындагы жумушчулардын 90 пайызы Ысыккөл облусунан алынат


БИШКЕК. «Кумтор Голд компани» ишканасы өзүнүн кадр саясатын өзгөртөт жана мындан ары ишканага жумушчулар негизинен Ысыккөл облсунан, өзгөчө Жетиөгүз районунан алынат. Бул тууралуу «Кумтор Голд компани» ишканасынын президенти Эндрю Льюис Барскоон-Кумтөр жолун тосуп турган Жетиөгүз районунун 5 айылынын тургундарына 3-августта билдирди. Анын айтымында, буга чейин ишкананын жумушчуларынын 60 пайызы гана Ысыккөл облусунан алынып келген. Эми болсо жумушчулардын 90 пайызы Ысыккөл облсунунан, ал эми анын ичинен 70 пайызы Жетиөгүз районунан алынат. Бирок алар ишкананын квалификациялык талаптарына жооп берүүгө тийиш. «Кумтор Голд компани» ошондой эле бир ай мурда Ысыккөл облсундагы медицина, билим берүү, айыл чарба тармактарындагы программаларга каржылык колдоо көрсөтүү боюнча чечимин кабыл алган. Эндрю Льюис ишкана ага керектелүүчү бардык материалдарды мүмкүн болушунча облустан сатып ала тургандыгы жөнүндө да айтты.

XS
SM
MD
LG