Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:57

Курманбек Бакиев ишке чыгат


БИШКЕК. Өлкөнүн жаңыдан шайланган президенти, премьер-министр Курманбек Бакиев 5-августта жумушка чыгат. Бул тууралуу 4-августта президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Буга чейин Курманбек Бакмев тарабынан жаңы өкмөттүн структурасы боюнча акыркы вариант 5-августка чейин даярдалсын деген тапшырма вице-премьер-министрлердин милдеттерин аткаруучуларга тапшырылган. Алар тарабынан өкмөттүн курамы боюнча ар кандай варианттар талкууланды. Анда азыркы министрликтердин, мамлекеттик агенттиктер менен комиссия, комитеттердин санын кыскартуу, айрым министрликтердеги кызматкерлердин санын азайтуу сыяктуу сунуштар каралган. Буга чейин Курманбек Бакиев жана биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов өкмөттүн курамы ачык жана эффективдүү болушу керек деп билдиришкен.

XS
SM
MD
LG