Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:27

Топчубек Тургуналиев акталууда


БИШКЕК. 4-август күнү Жогорку сот «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиевди буга чейин ачылган эки кылмыш иш боюнча актады. 1995-жылы Каракол шаардык соту Топчубек Тургуналиевди Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин ар намысына шек келтирген деген күнөө менен эки жылга эркинен ажыраткан. 1997-жылы Бишкек шаардык соту Бишкек гуманитардык университетинде ректор болуп иштеген кезде 10 миң сомду өз кызыкчылыгында пайдаланган деген айып менен Топчубек Тургуналиевди 10 жылга эркинен ажыраткан. Жогорку сот бул эки иш боюнча Тургуналиевди актоо жөнүндөгү чечимин кабыл алды. Топчубек Тургуналиев актала тургандыгына дайыма ишенип келгендиги жөнүндө мындай деди:

- Мен элим менен кошо Акаевдин режимине каршы күрөшүп келдим. Анткени, дайыма акыйкаттык болооруна ишенгенмин. Мына эми ыңкылаптан кийин соттор да эркин чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк алышты. Ак ийилет, сынбайт деп кыргызда бекеринен айтылган эмес.

Тургуналиев менен бирге 1995-жылдагы иш боюнча Жумагазы Садыр уулу, ал эми 1997-жылдагы иш боюнча Тимур Стамкулов да акталды.

XS
SM
MD
LG