Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:18

Он беш өзбек атуулу да үчүнчү өлкөгө берилеби?


БИШКЕК. Учурда бир дагы өлкө өзбекстандык он беш атуулга качкын макамын бербей жатат. Эгерде БУУнун Качкындар боюнча башкы комиссарлыгы же кайсыл бир өлкө бул атуулдарга мындай макам бере турган болсо, кыргыз бийлиги аларды үчүнчү өлкөгө өткөрүп берүүгө даяр. Бул тууралуу Башкы прокурор Азимбек Бекназаров 4-августта «Азаттык» радиосунун кабарчысы менен болгон маегинде билдирди. Анын айтымында, БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгынын Бишкектеги өкүлчүлүгү он күндүн ичинде үчүнчү бир өлкөдөн өзбекстандык он беш атуулга качкын макамын алып келүү үчүн Европага кеткен. Өзбекстандык 439 атуул буга чейин БУУнун алардын баш баанек издеген атуулдугун күбөлөндүргөн расмий баракчасынын негизинде гана Румынияга чыгарылган. Ал эми он беш атуул Анжиян окуясына чейин оор кылмыш жасаган атуулдар болгондуктан, кыргыз бийлиги аларды үчүнчү өлкө аларга качкын макамын берсе гана чыгарып берүүгө милдеттүү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG