Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:05

Израилдин өкмөт башчысы терактты айыптады


Израилдин Шфарам деген шаарында жөөт аскеринин кийимин кийген бир экстремист төрт арапты атып салды. Анын огунан дагы бир нече адам жарат алды. Чатак автобуста чыгып, араптар менен жөөт жоокери кайым айтыша кетишкен. Израилдин маалымат каражаттары ал Иордандын батыш жээгинде турган 19 жаштагы жөөт экендигин кабарлашты. Израилдин премьер-министри Ариэл Шарон бул окуяны кескин айыптады. Ушул бейшембиде Израилдин полициясы Газа секторунда еврейлерди көчүрүүгө каршы манифестация өткөрүүгө ниеттенген 440 адамды камакка алган.

XS
SM
MD
LG