Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:07

5-августта Жогорку сотто Топчубек Тургуналиевдин үчүнчү кылмыш иши каралып, ал боюнча да Тургуналиев толук акталды. Бейшембиде Жогорку сот «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиевди буга чейин ачылган эки кылмыш иш боюнча актаган.

Бүгүнкү соттук кароодо Топчубек Тургуналиев менен кошо дагы беш киши акталды. Мурунку президент Аскар Акаевге кол салууга аракеттенген деп, Топчубек Тургуналиев менен кошо беш киши 1999-жылы кармалып, алар ар түрдүү мөөнөткө 2000-жылы кесилген. Бирок 2001-жылы Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун жыйынынын алдында Аскар Акаевди алардын баарын абактан чыгарган.

Жогорку сот 5-августтагы чечиминде Тургуналиев жана күнөөлөнгөн беш кишинин күнөөсү болбогондугун белгилеп, аларды толук актады.

Ушуну менен Топчубек Тургуналиев ага каршы козголгон бардык кылмыш иштер боюнча акталды. Бирок административдик айыптоолор боюнча актала элек.

Топчубек Тургуналиев бул ишти ошол кездеги Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Мисир Ашыркулов уюштурган деп, моралдык жана материалдык тарткан зыяны үчүн ага каршы доо арыз менен сотко кайрылаарын жарыялады.
XS
SM
MD
LG