Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:48

5-августта Кыргызстандын Жогорку соту Топчубек Тургуналиев баш болгон жарандардын аракетинде кылмыш белгилери жоктугун ырастап, аларды 16-17 жылга эркинен ажыраткан мурдагы сот өкүмдөрүн бузуп, А.Акаевге кол салууга ниеттенген деп айыпталгандарды толук актады. Сот өкүмү угузулгандан кийин Топчубек Тургуналиев А.Акаев режиминин саясий заказдарын аткарган айрым чиновниктерди сотко бере тургандыгын билдирди.

Мындан беш жыл илгери а кездеги президент А. Акаевдин өмүрүнө кол салууга ниеттенип калган жарандар тобун Кыргызстандын коопсуздук кызматы кармап алган. Террордук аракеттин таш каап калышын коопсуздук кызматынын жетекчилери маалымдоо каражаттары аркылуу байма-бай жарыялап турушкан.

Айылда ишсиз жүргөн жөнжай адамдарды алдап, аларды жаманатты кылган киши коопсуздук кызматынын жашырын адамы экени аз өтпөй ачыкка чыгып, соттук териштирүү маалында күнөөлүү делинип аткан атуулдар адам чыдагыс кордук-зордукка кабылганы ачыкка чыккан.

А.Акаев үчүнчү мөөнөткө президент болууга камданып аткан чакта ойдо жок жерден айыпка жыгылып, ит көрбөгөн кордукту чекист-тергөөчүлөрдөн көргөн айылдык жигиттер 5-августта Жогорку сот залында беш жыл мурунку азап-тозогун дагы эске түшүрүштү.

- Галстук тагынып жүрүшсө эле УКМ таза деп ойлоп жүрүппүз. Бардык ыплас нерселер ошол жакта болот экен. Бутубузга кишен салып, колубузга кишен салып, башыбызга противогаз кийгизип, балабыздай болгон балдар бизди жаткызып алып тепкилеп, чарчаганда камерага алып барып ташташат. Баары тең маскачан,- деп айтты Раимжан Сарыков.

Кожокмат Акимбаев ушу азыр да коопсуздук кызматынын камагынан көргөн кордугун эстесе заманасы куурулуп кетет.

- Эмне үчүн камалып атабыз, кандай болуп камалып атабыз, эч нерсесин билгенибиз жок. Баргандан кийин, «жазасыңар, сөзсүз кол салмакпыз, деп жазасыңар, Куловду айтасыңар, Топчубек Тургуналиев баш болду деп айтасыңар», дешчү. Бул жерде көп. Генерал М.Ниязовду да айтышкан.

Исмаил Муратов Ташкөмүр шаарында жумушу жок жүргөн жеринен коопсуздук кызматынын тыңчысына кабылып, анын алдоосу менен Бишкекке келип, шаар ичиндеги жолдо бараткан жеринен кармалган.

- 4 эле күн жүрдүм Бишкекте. Көчөдө сейилдеп жүргөн жеримен урду-сокту менен машинеге салышты. Ошондо күбүлгөн тишим азыр да жок. Койду деле машиненин багажына акырыныраак салат. Колду кайрып туруп, желкеге уруп багажникке тыкты да алып кетишти.

Айыпка кабылган Мамадияр Орозов да жарымжан. 5-августта Жогорку сот аны толук актаганын уккан соң акыры келип адилеттик орногонуна кубанычын жашырган жок.

А. Акаевдин өмүрүнө кол салууга ниеттенген жанкечтилердин идеялык демилгечиси делинип 17 жылга эркинен ажыратылган Топчубек Тургуналиевге мурдагы режим тушунда 3 ирет кылмыш иши козголуп, эларалык уюмдардын, адам укугун коргоочулардын аракети менен мөөнөтүнөн мурда боштондукка чыккан. Т.Тургуналиев А.Акаев режиминин саясий заказын аткарып келген чиновниктердин биртобуна каршы кылмыш ишин козгоо тууралуу арыз менен кайрыла тургандыгын Жогорку сот залынан толук акталып чыккандан кийин билдирди.

- Ошол 1995-жылдан бери эчен жолу мага каршы кылмыш ишин козгоп, А. Акаевдин саясий заказын аткарып жүргөндөрдүн бир далайын мен сотко берем. Азыр эле айтып коеюнбу? Ошол кездеги Ысыккөл районундагы прокурор К.Токтомамбетов азыр жогору чыгып кеткен, мени каматып коюп. Азыр Башкы прокуратурада жүрүптүр. Аны сөзсүз түрдө сотко берем. Мисир Ашыркуловду сотко берем, албетте. Соттордун бир далайын берем. Бирок аларды сотко бериш өтө кыйын экен. Конституциялык сот гана уруксат бериш керек экен.

Бийлик алмашкандан кийин саясий туткун катары таанылган Феликс Кулов, Топчубек Тургуналиев Жогорку сот тарабынан толук акталышты. Аларга улай А.Акаевдин өмүрүнө кол салуу аракетин жасашкан деп айыпталган айылдык жигиттердин да иш-аракетинде кылмыш белгилери жок экени мыйзамдуу негизде ырасталды.

А.Акаев тушунда саясий куугунга кабылган биртоп журналисттердин, эркин гезиттердин тепселген укугун мыйзам негизинде калыбына келтирүүнүн мезгили келгени 5-августтагы Жогорку сот жыйынтыгынан кийин да айтылды.
XS
SM
MD
LG